Зенько: Кыргызстанда медициналык адистиктер эң чоң суроо-талапка ээ болуп баштады

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЗенько: Кыргызстанда медициналык адистиктер эң чоң суроо-талапка ээ болуп баштады
Зенько: Кыргызстанда медициналык адистиктер эң чоң суроо-талапка ээ болуп баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роскызматташтыктын КРдеги өкүлү өткөн жылдан бери Россияда билим алууга карата квота эки эсеге өсүп, 445 орунду түзгөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россиянын окуу жайларына өтүп жаткан кыргызстандыктардын арасында медициналык адистиктер эң чоң суроо-талапка ээ экендигин аныкталды деп билдирет Роскызматташтыктын КРдеги өкүлү Алексей Зенько.

Россиянын окуу жайларында окуй тургандарды тандоо жөнүндө Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Зенько РФтин өкмөтү шериктеш Кыргызстанга квоталарды бөлүп беришинин максаты — республиканын экономикасын жана башка тармактарын өнүктүрүүгө өз салымын кошо алгыдай жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо экендигин билдирди.

Анын айтымында, чет элдик жарандарга бөлүнгөн квотанын саны 15 миңге жетет жана алардын басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө тийген. 

"Өткөн жылдан бери өкмөттүн токтому менен квотанын саны эки эсе көтөрүлгөн жана быйыл ал 445 орунду түзөт. Аларга түрдүү адистиктер кирет", — дейт Зенько. 

Зеньконун айтымында, быйыл кыргызстандыктардын арасында медициналык адистиктер эң чоң суроо-талапка ээ болуп, ал боюнча бир орунга талапкерлердин саны 30га жеткен. Андан кийин экономика жана мунай-газ тармагындагы адистиктер турат. 

Өткөн жылдан бери квота берүү системасы бир аз өзгөрдү деп билдирди Роскызматташтыктын өкүлү. 

"Эгер мурда квота конкреттүү окуу жайында окууга берилсе, азыр ал адистиктер боюнча берилип жатат. Бул абитуриентке өзү окугусу келген беш-алты окуу жайды тандоого мүмкүндүк берет", — деп түшүндүрдү Зенько. 

Документтер Бишкекте Россиянын илим жана маданият борборунда, ал эми Ош шаарында Башкы консулдукта кабыл алынат деп билдирди ал.

"Каалоочулар документтерин тапшыргандан кийин орус тили жана адистик боюнча сабактан милдеттүү түрдө тест тапшырат. Анын натыйжасы боюнча эң жогорку упай алып жана ал мектептеги баалары менен ырасталгандар, тандоодон өтүп, алар жөнүндө маалымат РФтин Билим министрлигинин атайын маалымат топтомуна киргизилет. Мындай тандоодо талапкердин тиги же бул сабак боюнча олимпиадада жеңүүчү болгону да эсе алынат", — деди Зенько.

Анын айтымында, документтерде белгиленген жогорку окуу жайлары өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша абитуриенттерди тандап алат. Студенттер бакалавриатка гана эмес, магистратурага жана аспирантурага да алынат. Андан тышкары, адистер үчүн кыска мөөнөттүү кесипкөйлүгүн жогорулатуу да каралган.

№ 26 мектеп-гимназиясын аяктап жаткан Насыров Тахир Москвадагы И.М.Губкин атындагы Мунай университетине мунай-газ адистиги боюнча документтерин тапшырганын айтат.

"Мен дагы Питердеги бир, Казандагы эки жана Омскидеги бир окуу жайын тандадым. Ушул адистик боюнча өтүп жакшы кесипке ээ болом деген үмүттөмүн. Үйүмө кайтып келип, өзүбүздүн мунайды кайра иштетүү тармагында иштемекмин", — деди окуучу.

№ 24 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Вера Колесова “Маданият таануу” адистигин тандап алганын айтат, себеби дүйнөнүн түрдүү элдеринин тарыхын, маданиятын жана адабиятын жакшы көрөм дейт ал.

"Искусство таануучу же музей кызматкери болсом дейм. ММЛУда окугум келет, бирок Невадагы Маданият институтуна да өтүшүм мүмкүн", — деди Колесова.

Тесттин натыйжалары жана окуу жайларын аныктоо жөнүндө кенен маалыматты Россиянын илим жана маданият борборунан билсе болот. Дареги: Эркиндик бульвары, 2/1. Телефон 0 (312) 30-05-12; e-mail: rcnk-kg@mail.ru.

Түштүк областтарынын тургундарына Россия Федерациясынын Оштогу Башкы консулдугуна 0 (3222) 2-78-24 телефону аркылуу кайрылуу кеңеш кылынат; e-mail: gencon@mail.kg.

Жаңылыктар түрмөгү
0