БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн парламенттин беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2010-жылдын 10-ноябрында алгачкы жыйын өткөрүп, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Ал беш фракциядан курулуп, 120 депутаттан турат.
30-июнда парламенттин кезектеги сессиясы аяктап, депутаттар эс алууга кетти.