00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев бүтүрүүчүлөргө Кыргызстандагы зарыл адистиктер тууралуу айтып берди

Жазылуу
Президент өлкөнүн келечеги бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн колунда экенин, алар жаңы коом түзүп, анын мамлекет менен болгон мамилесин жаңы баскычка көтөрүү милдетин аркалай тургандыктарын белгиледи.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда жакынкы арада айыл чарба, энергетика, туризм жана курулуш жаатындагы адистиктер талап кылына турганын билдирди.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Атамбаев бейшемби күнү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө "алтын" сертификаттарды тапшырды.

Өлкө башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аякташы менен куттуктап, окууга болгон олуттуу мамиле үчүн ыраазычылык билдирди.

"Жыл сайын мыктыларды белгилөө жакшы салтка айланып баратат. Бүгүн силердин алдыңарда көптөгөн жолдор ачылууда. ЖРТ сертификаттары сынаксыз мамлекеттик ЖОЖдун биринде каалаган адистик боюнча гранттык негизде билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Кайсы окуу жайда окууруңарды өзүңөр тандап аласыңар. Анын ар бири жигердүү эмгектин аркасы менен силерге ийгилик алып келет", — деди президент.

Атамбаев жакынкы арада айыл чарба, энергетика, туризм жана курулуш жаатындагы адистиктер талап кылына турганын билдирди. Анын айтымында, өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү менен совет доорунун техникалык жумушчулары адистигин өзгөртүп же пенсияга чыгып, ал эми жаштар көбүнесе экономист, юрист, финансист адистиктерин тандап кетишкен.

"Кыргызстанда жакын арада ири масштабдуу долбоорлор ишке аша баштайт. Биздин өлкө унаа хабына айланууда", — деди өлкө башчы.

Президент өлкөнүн келечеги бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн колунда экенин, алар жаңы коом түзүп, анын мамлекет менен болгон мамилесин жаңы баскычка көтөрүү милдетин аркалай тургандыктарын кошумчалады.

"Бүгүн сиздерге үлгү боло турган көп адамдар бар. "Apple" компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобстун: "Мен ийгиликтүү адамдарды башкалардан алардын тырышчаактыгы айырмалап турарына ишенем" деген сөзүн айткым келип турат", — деди Атамбаев.

Куттук сөз, планшеттер жана сертификаттар. Атамбаев бүтүрүүчүлөр менен жолукту
Президент жалкоо жана эрксиз адамдар жашоо катаалдыктарынан коркуп, кыйынчылыктардын себебин башкалардан издешерин белгиледи. Өлкө башчы бүтүрүүчүлөргө бекем ден соолук, бакыт, алдыга умтулууну каалап, Бишкектин 54 мыкты бүтүрүүчүсүнө "алтын" сертификаттарды тапшырды. Муну менен бирге ар бир бүтүрүүчү планшет жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акча менен сыйланды.

Атамбаевдин демилгеси менен баалуу белектер жана акчалай сыйлык ЖРТдан жогорку балл алган регионалдык мектептердин 16 бүтүрүүчүсүнө да тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0