БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 22-июнда Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкуулады.
Маалыматка ылайык, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунун максаты — бийик тоолуу кендердин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана стратегиялык объектилерде пайдалуу кендерди казып алуудагы өндүрүштүн токтоп калышынын геотехникалык, экологиялык, социалдык-экономикалык жана укуктук терс натыйжаларынын алдын алуу.
Долбоордун маалымат-негиздемесинде мисал катары "Кумтөр" кениндеги жылып келе жаткан муз массасын жүктөө боюнча тоо иштерине макулдашуунун жоктугу азыркы учурда оор кырдаалды пайда кылып жаткандыгы айтылган.
Депутат Кожобек Рыспаев, Абдулатип Режевалиев "Кумтөр" кени боюнча уруксат берүүчү мыйзамга Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнүн аттарын конкреттүү көрсөтүү керектигин айтышты. Эгер документте жалпы эле мөңгүлөр деп көрсөтүлүп калса, бул башка мөйгүлөргө да тиешелүүдөй чечмеленип, мисалы, Бордо, Сары-Төр мөңгүлөрүн да башка жакка милдеттүү көчүрүүгө уруксат берилет деген мааниде болуп каларын түшүндүрдү.
"Буга чейин кеткен мөңгүлөргө да компенсация сураш керек", — деди Рыспаев.
Өкмөт мүчөлөрү мыйзамга конкреттүү аталыштарды кошуп жазууга каршы чыкты. Алар Лысый, Давыдов мөгүлөрүнөн башка обьектилер кен иштетүүчү жерлерден 500 метр алыстыгын, тагыраак айтканда, жылдырылбай тургандыгын айтышты.
Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен, каралып жаткан мыйзам долбоорун 2-3-окууларда жактыруу тууралуу чечим кабыл алынды.