Улуу Британияда ханзаада Уильям менен Кембридждин герцогинясы Кейт Мидлтон кыздуу болуп, дүйнөгө принцесса келди. Кызга азырынча ысым ыйгарыша элек, ошентсе да ал британдыктардын сүймөнчүгү болуп калды. Бокс жаатында да эсте каларлык окуя болуп, Флойд Мейвезер жеңишке жетти. Мейвезер рингде өткөргөн ар бир мүнөтү үчүн 5 миллион доллардан алган.
Дүйнөлүк балет искусствосу орду толгус жоготууга учурады. Атактуу бийчи Майя Плисецкая 89 жашында Германияда каза болду. Балерина ал жакта жерге берилет.
Вьетнамда өлкөнүн биригишинин 40 жылдык урматына карата аскердик парад өттү. Ал эми Чилиде Кальбуко жанар тоосунун келтирген чыгымдары четтетилди.
Жуманын эсте калган башка окуяларын Sputnik даярдаган сүрөт баяндан көрүңүздөр.

Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям менен Кембридждин герцогинясы Кейт Мидлтон кыздуу болгонун жар салууда.

"Ночные волки" клубунун мотожүрүшүнүн катышуучулары, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш чарада.

Миланда "ЭКСПО-2015" көргөзмөсүнүн ачылышы каршы болгондор шаардын борбордук көчөлөрүндө. Каршылык акциясына чыккандарды таратуу үчүн эки миңдей полиция тартылды.

Вьетнамдыктар Сайгондун (азыркы Хошимин) алынганынын 40 жылдыгын белгилешти. 1975-жылы 30-апрелде Түндүк Вьетнамдын аскерлери каршылаштарын басып алып, аймактагы согуш аяктаган.

Доминикан республикасында токойдо өрт чыкты. Бийлик абалды толук көзөмөлдөп турганын, адам өлүмү катталбагынан билдиришүүдө.

Чилиде Кальбуко жанар тоосу атылып, анын келтирген чыгымдарын четтетүүгө аскерлер тартылды.

Флойд Мэйвезер менен Мэнни Пакьяонун мушташы. Мушкерлер WBA super, WBC, WBO титулу үчүн күч сынашты.

Чайковскийдин "Аккуу көлү" ("Лебединое озеро") балетинен бир көрүнүш. Одетта - СССРдин эл артисти Майя Плисецкая, ханзаада Зигфрид – Эмгек сиңирген артист Николай Фадеечев. СССРдин мамлекеттик академиялык Чоң театры. Репродукция.

Дүйнө 4-майда "Галактика күнүн" белгилейт.