00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
45 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Чем Конституция КР отличается от прежних редакций и почему ее стоит прочитать?
08:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Баш мыйзамга 33 жыл: Конституция — туруктуулуктун негизи
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Трансформация вузов — каким должен быть университет будущего
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү — ал кантип эсептелет?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ветеринардык дары каражаттары Россиядан келет — лабораториялардын абалы кандай?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Жизнь рядом с ИИ - психолог о том, как это меняет наше восприятие мира
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Евросоюз в Центральной Азии: партнёрство или расчёт?
14:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Все, что нас окружает — незримое действие Конституции — разговор о главном законе страны
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согушта ага лейтенант наамына жеткен Султан Сарыбаев
19:06
29 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Төө буурчактын арзан болушуна каршы Таласта митинг өттү

Жазылуу
Митингчилер төө бурчактын арзан болушуна, электр энергиясынын кымбатташына нааразы. Ошондой эле, облус аймагындагы алтын кендеринин иштетилишине каршы чыгышууда.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо 50дөй киши нааразычылык акциясына чыкты. Митингге чыккандар төө буурчактын арзан болуп атканына жана электр энергиясынын кымбатташына каршы болуп, абалды жөнгө салууну талап кылышкан.

Талас шаардык мэриясынан Sputnik сайтына билдиришкендей, митинг тынч өткөн.

"Мэрияга 1-февралда митингге чыгабыз деп 28-январда "Талас ынтымагы коому" кыймылы кайрылган", — деп билдирди мэриядан.

Өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухаммеджан Суранчиевдин айтымында, митингге чыккандар менен бийлик өкүлдөрү жолукту.

"Митингчилер төө буурчактын арзан болушуна, электр энергиясынын кымбатташына нааразы болуп, облус аймагындагы алтын кендерин иштетпейбиз деген талаптарды койгон. Нааразычылык акциясына чыккандар менен өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Жуманазаров, Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов жана Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков жолукту", — деди ал.

Суранчиев ошондой эле, митингчилерге Б.Баетов электр энергиясына болгон жаңы тариф тууралуу маалымат бергенин белгиледи. Февраль айына чейин 700 кВт сааттан ашык колдонгондор 2,05 сомдон төлөп келсе, февраль айынан баштап анын баасы 1,82 сомго чейин төмөндөгөн. 

Облустук администрациянын басма сөз катчысы төө буурчактын арзан болуп жатышынын себептерине токтолду. 

"Былтыр Кытай менен Түркияда төө буурчак көп айдалып, түшүмү мол болгон. Бизде былтыр төө буурчактын түшүмү жакшы болбой, сапаты да анчейин болбой калды. Албетте, бул факторлор да анын баасына таасир берип жатат", — деди ал.

Учурда төө буурчактын бир килограммы 50-55 сомдон сатылууда. 2013-жылы анын баасы 100-120 сомго чейин көтөрүлгөн.

Өткөн жылдын аягында Нарындын тургундары да электр энергиясынын кымбатташына каршы нааразычылык акциясына чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0