Нарында электр кубатына болгон тарифтин кымбатташына каршы митинг өттү

© Фото / J.D. and Jamie HollisАрхив: Нарын шаары
Архив: Нарын шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын шаарынын тургундары электр кубатынын жаңы тарифине каршы болуп, аларга жеңилдиктердин каралышын талап кылууда.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Нарын шаарында электр кубатына болгон тарифтин жогорулашына каршы митинг өттү. Митингге чыккандардын бири Бактыгүл Жумабаеванын биздин кабарчыга билдиргенине караганда, алар Нарын облусу үчүн электр энергиясына болгон тарифтин жогорулашын жокко чыгарууну талап кылышууда.

"Нарындагыдай суук башка облустарда болбойт. Мындай суукта белгиленген 700 киловатт сааттан көп энергия колдонобуз. Андыктан, биз Нарын облусу үчүн жеңилдик болушун талап кылуудабыз", — дейт ал.

Жумабаева митингге 500дөй киши катышканын билдирсе, жергиликтүү журналисттер 40-50дөй эле киши келгенин маалымдашты.

Митингчилер менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолукту. Ал чогулгандарга "талаптарын жазып өкмөткө кайрылуу керектигин" айткан.

Бактыгүл Жумабаева учурда митингчилер тараганын, бирок алардын талаптары аткарылбаса, 22-декабрда кайта чогула тургандыктарын билдирди.

"Бүгүнкү митингге Нарын шаарынын гана тургундары чыкты. 22синде боло турчу митингге башка райондордон да келишет", — деди ал.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев Нарындагы тынчтык митингине чыккандарды милиция кызматкерлери кубалап таратканын айтты. Парламентарий элдин тынч маанайдагы митингге чыгып, өз оюн билдирүүгө укугу бар экендигин эскертти.

"Биз ИИМ башчысы менен Нарындын ички иштер башкармалыгынын жетекчисин чакырып бул маселени карашыбыз керек. Буга чейин да Бажы биримдигине каршы митингге чыккандарды да кармап кетишкен", — деди депутат.

Митингге чыккандардын бири Бактыгүл Жумабаева милиция 50 жаштардагы Канайым Бердибаеваны кармап кеткенин маалымдады.

"Милиция кызматкерлери Канайым Бердибаеваны кармап кетти. Тартип сакчылары мындай аракетин Бердибаеваны буга чейин жасаган башка иштери боюнча кармадык деп түшүндүрүштү. Тигил аял микроинсульт алып, азыр ооруканада", — дейт ал.

КРде жылуулук менен электреэнергияга болгон жаңы тариф бекитилди
Нарын шаардык ички иштер башкармалыгы Канайым Бердибаева чындап эле башка иштер менен кармалганын айтып, анын микроинсульт эмес, кан басымы жогорулап кеткенин билдирди.

Эскертсек, күзүндө өкмөт электр энергиясынын жаңы тарифин кабыл алып, ал декабрь айынын башында күчүнө кирген болчу. Өкмөттүн чечимине ылайык, жылытуу маалында абонент бир айда 700 киловатт-сааттан ашпаган электр кубатын колдонсо, анын ар бир киловатт-сааты 70 тыйындан эсептелет. Эгер белгиленген деңгээлден ашык колдонсо, 2,05 сомдон төлөйт. Ал эми ири ишканалар болсо 2,47 тыйындан төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0