Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТоолуу Карабахтагы Тертер шаары
Тоолуу Карабахтагы Тертер шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирештин курчушу, Баку менен Еревандын ортосундагы көп жылдан берки саясий тиреш бүгүн үчүнчү күчтөр тарабынан кара ниеттерин ишке ашыруучу курал катары пайдаланылууда.

Беларусь, Сирия, "Түндүк агым – 2" долбоору жана геосаясий тирештердин башка жерлеринен күч жана каражаттарын алагды кылуу максатында Россияны Кавказдагы чоң согушка тартууга аракет жүрүп жаткандай. Карабахтагы абал жаатында аскерий баяндамачы Александр Хроленконун макаласынан окуңуздар.

Жаңжалдын түздөн-түз катышуучулары – Баку жана Ереван билип туруп же аргасыз Москваны ыңгайсыз абалда калтырып, КМШ жана ЖККУнун коопсуздук тутумун кыйратууда.

Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео

Кавказда жеке кызыкчылыктары бар бир катар батыш өлкөлөрүнүн "күчтөрүнүн тышкы проекциясына" байланышкан геосаясий тобокелдиктер да бар. Тоолуу Карабахтын көйгөйлөрү согуш жолу менен чечилбейт. Жөнгө салуунун бул постулатына жаңжалдашкан эки тарап тең – Азербайжан жана Армения (сүйлөшүүлөрдүн тарабы болуп саналбаган, жарыяланбаган Тоолуу Карабах Республикасынын кызыкчылыктарын коргогон жак) да макул. Ошондой эле ОБСЕнин үч өлкө – Россия, АКШ жана Франция тең төрагалык кылган Минск тобуна да бул белгилүү.

Сүйлөшүү процесси жай жана татаал өтүүдө, бирок 27-сентябрда оор артиллерия, танк, ракеталык комплекс жана сокку уруучу авиацияны колдонуу менен активдүү согуштук аракеттерге өтүү үчүн объективдүү себептер жок эле.

Душмандын талкаланган танктарынын тасмасын чагылдыруу жаатындагы Армения менен Азербайжандын аскердик мекемелеринин "мелдеши", эки тараптын жоготуулары туурасындагы коркунучтуу статистикага Россия катуу кейип, армениялык жана азербайжандык элге чын дилден көңүл айтат.

Согуштук аракеттер объективдүү түрдө жаңдалдашкан тараптардын эч бирине пайдасыз. Дагы күчөй бере турган болсо, аягы эч күтүлбөгөндөй кесепеттерге алып келиши ыктымал. Чет өлкөлүк тынчтык орнотуучулар киргизилип (коопсуз аймактар түзүлүп) же абал кескин курчуп кетсе, Түштүк Кавказда ЖККУ өлкөлөрүнүн (эң оболу Россиянын) жана НАТОнун (Түркия кыйытып жаткандай) катышуусунда кеңири масштабдагы согуш тутанып кетиши мүмкүн. Эске салсак, азербайжан-армяндар аралаш жайгашкан калктуу аймакта жаңжал 1988-жылы чыккан. Ошол убакта Тоолуу Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаган.

Биринчи баскычта тынчтык орнотуучулардын ролун СССР ИИМ Ички күчтөрү аткарган. Алар үч жыл аралыгында активдүү куралдуу тирешти басып тура алган.

Советтер Союзу ыдыраган соң жана Ички күчтөр чыгарылгандан кийин салгылаш дагы күч алып, 1994-жылы Азербайжан Тоолуу Карабахтын басымдуу бөлүгүн жана ага чектеш жети райондун көзөмөлүн колдон чыгарган.

Жаңжалды тынч жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр 1992-жылдан тарта ОБСЕнин Минск тобунун алкагында жүрүп, ал эми аймакта куралдуу тиреш улам тутанып, кайра басылып келген.

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

Координаттардын жаңы тутуму

Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттердин жүрүшүнөн бири-бирине коошпогон маалыматтар түшүүдө. Азербайжан менен Армения жаңжалдын ырбап кетишине бири-бирин айыптап, куралдуу чагымчылыктарга гана жооп берип жатышканын айтышат. Мындан улам Азербайжанда дүйшөмбү күнү жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Президент Ильхам Алиев республиканын бир катар калааларында жана аймактарына аскердик абал киргизген. Арменияда андан бир күн оболу жалпы мобилизация жана аскердик абал жарыяланган.

Азербайжан бийлигинин маалыматы боюнча, 27-сентябрда армениялык күчтөр "коопсуздук кемери" деп аталган жети айылды калтырышкан (совет убагында Азербайжан ССРинин бул аймагы Тоолуу Карабах автономдук облусуна караган эмес. 1990-жылдардын башында армениялык күчтөрдүн көзөмөлүндө калган).

28-сентябрдын таңында таанылбаган Тоолуу Карабахтын президенти Араик Арутюнян: "Биз позициябызды жоготтук, дагы жоготушубуз мүмкүн, бирок биз кайрадан позициябызга ээ болобуз" деди. Позициялык салгылаштар уланууда. Тараптардын эч биринин жапырт артыкчылыгы байкалбайт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы абалды талкуулай турганы айтылды

Согуштук кубаттуулуктагы залптык октун реактивдүү тутумун жана "Искендерлерди", сокку уруучу авиация жана учкучсуздарды пайдалануу менен Баку да, Ереван да бирдей даражада "тарыхий акыйкаттыкты калыбына келтирүүгө" даяр. Согуштук аракеттердин ар күнү жаңы курмандыктарга жана кыйроолорго алып келет.

Түзүлгөн кырдаалда 27-сентябрда ким биринчи болуп оор артиллерия жана танктан ок атканы, согуш талаасындагы ыкчам искусство жаатында ким үстөмдүк кылары эми принципиалдуу маселе эмес. Башкысы – Тоолуу Карабахтын чек арасындагы тирешти токтотуу, сүйлөшүүлөргө кайтуу, адамдардын өмүрлөрүн сактоо. Союздук милдеттенмелер жөнүндө да унуткарбоо абзел.

Эгер Баку жана Ереван өздөрүн Москванын союздашы катары эсептешет. Алар россиялык позицияны эске алып, өз ара мамиленин азыркы тутумун жана регионалдык коопсуздук системасын кыйратуунун кесепеттерин боолголоого тийиш.

Карама-каршылыктардын татаал комплексин, куралдуу тирештин тараптарынын салмактуу аргументтери жана себептерин эске алган күндө да Россияга Кавказдагы согуштун зарылдыгы жок. РФ Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабах жаңжалынын тараптары "атышууну тезинен токтотууга" чакырды. Эки жак тең эстерине келип, аймакта коалициялык топтун катышуусундагы кеңири масштабдуу согуштук эскалацияга жеткиришпейт деп үмүттөнөм. Анан калса, Карабах жагдайына эл аралык реакция жалпысынан конструктивдүү. Европа биримдигинин өлкөлөрү, АКШ, Иран тынчсызданып, ортомчулук кызматтарын сунушташат. Күч колдонулган сценарийдин өнүгүшүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган гана, бирок сөз жүзүндө гана колдоодо.

Ал түгүл согушчул Анкара да Түштүк Кавказдагы кооптуу оюнда жогото турганы бар. Арменияга чабуул жасалса, ЖККУнун жообунан, башкача айтканда, Россия менен согуштан кача алышпайт (бул Кипр менен Греция эмес). Дегеле, кан күйгөн оттун негизги буюртмачысы жана демилгечиси ким?

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Таң каларлык кыраакылык

Окуяларды жана Вашингтондун аларга расмий реакциясына алдын ала көрөгөчтүк кылуу менен АКШнын Азербайжан жана Армениядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү 25-сентябрда өз жарандарын жагдайдын курчуп баратканы тууралуу эскерткен.

Армениядагы АКШ элчилиги Тоолуу Карабахты, Дилижан улуттук паркынан түндүккө карай аймактарга, Тавуш облусундагы Грузия чек арасына чейин барбоону өтүнгөн.

Ошол эле күнү Азербайжандагы АКШ элчилиги өз жарандарын Абшерон жарым аралынан тышка чыкпоого чакырып, армян-азербайжан чек араларындагы тилкелердеги абалдын курчушуна байланыштырган. Балким, бул – жөн гана дал келүү эмес, татаал саясий-аскердик комбинациясынын кесепети.

Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

Кошмо Штаттардын Россия чек араларындагы экономикалык жана аскердик чөйрөдө үстөмдүк кылуу далалатына Кавказ жана башка аймактардагы орто интенсивдүүлүктөгү пландалган куралдуу жаңжалдардын түрмөгү кыйла шайкеш келет.

КМШ өлкөлөрүнүн тургундарына алар жан тартпайт, ал эми россиялык ресурстар кепилденген түрдө согуш коркунучун жоюуга багытталган. Башкача айтканда, Москванын дүйнөнүн бөлөк бөлүктөрүндө Вашингтон менен атаандашууга күчү жана каражаты азая түшөт. Тоолуу Карабах жаңжалынын күчөшү Россияга көйгөй жаратып, ал эми АКШнын улуттук кызыкчылыктарына толук төп келүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0