Коронавирус жуктурган Британиянын премьери Борис Жонсон реанимацияга түштү

© REUTERS / POOL New Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон
 Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жонсондун коронавирус жуктуруп алганы туурасында 27-мартта айтылып, ал эми 6-апрелде ал реанимацияга түшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алган Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон реанимацияда жатат. Учурда абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу РИА Новости концеляриянын расмий өкүлүнө таянуу менен жазды.

Жонсон COVID-19 жуктуруп алганы туурасында 27-мартта маалым болгон. Анда оорунун жеңил түрү болгондуктан обочолонгон жайда ишин улантары айтылган. Бирок 6-апрель күнү абалы оорлошуп, реанимацияга жаткырылганы белгилүү болгон.

"Түнү бою премьер-министрдин абалы туруктуу сакталып турду, учурда маанайы жакшы. Ал стандарттык кычкылтек менен дарыланып жатат, кошумча жардамсыз дем алууда. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж эмес", — деп айткан расмий өкүл журналисттерге.

Буга чейин РИА Новости Жонсон жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганын маалымат булактарына таянып жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0