Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / LISI NIESNERУлуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архив
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 465 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алса, 21 миңи көз жумган.

БИШКЕК, 27-мар. – Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктуруп алганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин ханзаада Чарльз COVID-19 илдетине кабылганы айтылган. Андан вирустун жеңил эле белгилери байкалып, абалы жакшы экени маалымдалган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-март күнү коронавирус пандемиясын жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 465 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алса, 21 миңи көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0