Москвада көчө шыпыргычтар калак-күрөгүн көтөрө чуркап тобу менен мушташты. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСильная метель в Казани
Сильная метель в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңжал эмнеден улам чыкканын укук коргоо органдары тактап жатат. Андан сырткары, ондон ашык киши кармалды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Москвада көчө шыпыргычтар тобу менен мушташкан видео тарады.

РЕН ТВ телеканалынын маалымдашынча, окуя 24-ноябрда Ефремов көчөсүндө болгон.

Видеодон бири-бирин муштап жаткан кишилерди көрүүгө болот. Айрымдары колдоруна лом жана калак-күрөгүн көтөрүп алган. Жаңжалдын чыгышына эмне себеп болгону такталууда.

Полиция мушташка катышкан ондон ашык кишини кармады. Алдын ала маалымат боюнча, эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0