Индонезиядагы авиакырсык: тирүү калгандар жок

© REUTERS / STRINGERИндонезиянын сууларында кырсыкка учураган Boeing 737 учагынын сыныктарын чогултуп жаткан куткаруучулар
Индонезиянын сууларында кырсыкка учураган Boeing 737 учагынын сыныктарын чогултуп жаткан куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 29-октябрь күнү эртең менен болгон. Учактын ичинде 181 жүргүнчү, эки учкуч жана экипаждын алты мүчөсү болгону айтылууда.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Индонезиянын сууларында кырсыкка учураган Boeing 737 учагынан бир да киши тирүү калган эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча улуттук агенттикке шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
Lion Air компаниясынын учагы Жакартанын аэропортунан бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 6.20да учуп, 13 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Батыш Яванын жээгинен учактын сыныктары табылды деген алгачкы билдирүүлөр окуя болгон жерде жүргөн кемелерден түшкөн.

Буга чейин Интернетте каргаша болгондон кийинки көрүнүш тартылган видео тараган. Аны Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча улуттук кеңештин өкүлү Сутопо Пурво Нугрохо жарыялаган.

Авиакомпаниянын маалыматы боюнча учакта 181 жүргүнчү, эки учкуч жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Куткаруучулар ушу тапта алты адамдын сөөгүн тапты, издөө иштери уланууда. Кырсык болгон жерде учактын жарылган багы табылганы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0