БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Түркияда мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик жана парламенттик шайлоо башталып, добуш берүү участкалары ачылды.
Шайлоо бюллетендеринде учурдагы башкаруучу Ак партиядан Тайип Эрдоган, оппозициялык маанайдагы Элдик республикалык партиясынан Мухаррем Инжи, Элдик демократия партиясынан Селахаттин Демирташ, Жакшы партиядан Мерал Акшенер, Бакыт партиясынан Темел Карамоллаоглу жана Мекен партиясынан Догу Перинчектин аттары жазылган. Белгилей кетсек, Түркияда президенттик шайлоо менен чогуу парламенттик шайлоо дагы өтүп жатат.
Алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоодо Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдогандын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Социологиялык сурамжылоо катышкандардын 47-48 пайызы Эрдоганды колдой турганын айтышкан. Ал ортодо президенттик шайлоо эки тур менен өтөт деген пикирлер дагы бар. Эгер экинчи тур болуп калса, Эрдогандын негизги атаандашы Мухаррем Инжи болору айтылууда. Инжи парламенттеги оппозициялык фракциянын өкүлү, ал буга чейин калың элдин арасында анча белгилүү эмес болчу. Бирок ийгиликтүү жүргүзгөн шайлоо кампаниясынын жыйынтыгында 30 пайыздай шайлоочуну өзүнүн катарына тарта алганы айтылууда.
Эгер Түркиядагы шайлоо ийгиликтүү өтсө мамлекет парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт.