Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогултулган. Сокулуктагы мектептин чуусу видеодо

Жазылуу
Сокулуктун Новопавловка айылындагы мектепте ата-энелердин фондусу үчүн жана кошумча сабак, тамак-ашка чогултулган каражаттар нааразычылык жаратты. Анткени ар бир окуучуга айына 500-700 сом беришет экен.

Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинде 4500 бала үч нөөмөт менен окуйт. Анын ичинен 1300 окуучу социалдык жеңилдик катары төлөмдөн бошотулган. Калган акчаны эсептегенде ата-энелердин лицейге бир жылда 28,5 миллион сом чогултуп берери белгилүү болду. Директор бизге чогулган каражаттардын эсебин берди. Бирок алар лицейдин жетекчилиги акча эмнеге жумшалганын айтпайт деп нааразы болуп, отчетту ачык-айкын көрсөтүүнү талап кылып жүрүшөт. Алардын арасынан аталган фондуга акча төкпөгөн окуучуга мугалими басым жасаганын да айтышты.

Акча алып келбеген бала кагуу жеген

Мөлмөл Бекмамбет кызы 3-класстагы баласы мектепке акча алып келбегени үчүн класс жетекчиси урушканын айтып ыйлады. Ал төрт баласы менен батирде жашагандыктан анча акча төлөөгө алы келбей турганын айтат.

"Бул мектепте эки балам окуйт. Бир жылдан бери класс жетекчиси менен пикир келишпестик болуп келген. Мен акча төлөй албаганым үчүн ата-энелердин жыйналышына чакырбай, бөлүп жатат. Башкалардан угуп, катышайын деп келсем, "сизди ким чакырды" дегенде айтыша кеттик. "Балаңызды мектептен алып кетиңиз" деди. Уулум коркуп бүгүн сабакка келбей койду. Эжекеси классташтарынын көзүнчө ордунан тургузуп акча алып кел деп урушат экен", — деди энеси.

Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Китеп басуудагы чуу. Прокуратура министрликтин кемчиликтерин таап, иш козгоду
Бул боюнча эки тарапты беттештиргенде мугалим окуучудан акча сурабаганын айтып, эненин сөздөрүн төгүнгө чыгарууга аракет кылды.

Ал эми Марат Жоробаевдин бул лицейде беш баласы окуйт экен. Аларга ай сайын 2500 сом төлөп жатканын билдирди.

"Экөөнө 700, экөөнө 300, бирөөнө 500 сом төлөйм. Мен 1000 окуучудан акча албайт дегенине ишенбей турам. Беш баласы окуган менден алып жатса, башкасы эмне кылат", — деди Жоробаев.

Жасалган иштен дайын жок

Дагы бир ата-эне Мурат Сатаев ушунча көп акча чогултулса да лицейде көрүнүктүү иштер жасалбайт деген пикирин билдирип, акчанын кайда кетип жатканы белгисиз дейт.

"Ай сайын эки миллион сомдун тегерегинде акча чогулат. Төлөбөсө, класс жетекчиси балабызды классташтарынын алдында уят кылат экен. Өткөндө отчет бергиле, баасын арзандатсак болобу деп 300дөн ашуун ата-эне келсе директор "эмнеге келдиңер, мен силерди чакырган жокмун" деди. Ага жинибиз келип барчу жерге барып, аягына чейин турууну чечтик", — деди Сатаева.

Ата-энелердин бири Жийдегүл Кожошева акча төлөөдөн качпай тургандыктарын, ошол акчанын максаттуу пайдаланышын талап кылып жүрүшкөнүн айтты.

"Мектептин асты жагын жалтыратып койгон, арт жагында шыбагы түшүп калган, ажатканасы дайым кир, кире албайсың. Таштандыны ушул жерде түнү менен өрттөшөт. Бетине кармаганы эле кошумча сабактар, ийиримдер. Ага саналуу эле балдар барат. Футбол аянтчасын карасаңыз, жамгыр жааса, суу көлчүк болуп көпкө чейин турат. Отчет сурасак так көрсөтпөй, башыбызды айландырууда", — деди Кожошева.

Эми акча чогултууга мугалимдер аралашпайт

Назарбаев бөлгөн акчага салынган Бишкектеги мектеп кайра жасалып жатат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев бөлгөн акчага салынган Бишкектеги мектеп кайра жасалып жатат. Видео
Ушундай кырдаалдан кийин 2-апрелде лицейдин директору буйрук чыгарып, класс жетекчилерден акча чогултууга тыюу салынды. Эми ата-энелер акчаны өздөрү чогултат же банк аркылуу которот.

Лицейдин директору Диляра Абдуллаева ата-энелер баласын окуу киргизип жатканда акча чогултуу боюнча келишимге кол койгонун айтат. Чогулган каражаттын кайда жумшалганы кире бериштеги тактайда илинип турганын көрсөттү. Бирок ал жерде керектөөнүн жалпы суммасы гана жазылыптыр. Ар бир сатып алынган буюмду, жасалган иштин акчасын ийне-жибине чейин айтып берүүдөн баш тартты.

Тактайда илинген кагаздагы маалыматтарга таянсак, төрт айда (2018-жылдын сентябрь-декабры) 12 миллион 287,6 миң сом чогулган. Муну бөлүп эсептегенде айына 3,05 миллион сомдон айланат. Каражат үчкө бөлүнүп эсептелет:

Долбоорлор

© Sputnik / Эламан КарымшаковАта-энелердин фондунан төрт айда ар кандай долбоорлор үчүн 2 миллион 797 миң сому бөлүнгөн
Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогултулган. Сокулуктагы мектептин чуусу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелердин фондунан төрт айда ар кандай долбоорлор үчүн 2 миллион 797 миң сому бөлүнгөн

Ар кандай долбоорлорго 2 миллион 797 миң сому бөлүнгөн. Учурда 2 миллион 605,3 миң сому иштетилип бүттү. Анда мугалимдердин тамак-ашы, жол киреси жана маянасы, интернетке акы төлөө, мектептин гезитин чыгаруу сыяктуу кызматтарга сарпталганы жазылат. 

© Sputnik / Эламан КарымшаковАта-энелердин Камкордук кеңеши төрт айда 8 миллион 520 миң сом чогултуп берген
Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогултулган. Сокулуктагы мектептин чуусу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелердин Камкордук кеңеши төрт айда 8 миллион 520 миң сом чогултуп берген

Кошумча сабактарга

Ата-энелердин Камкордук кеңеши төрт айда 8 миллион 520 миң сом чогултуп берген. Анын ичинен айлык акы төлөөгө 3 миллион 238 миң, брусчатка төшөөгө 1 миллион 223 миң сом корогону көрсөтүлөт. Дагы бир мисал, гезит-журналдарга жазылууга эле 340 миң сом кеткен.

Окуучулардын ысык тамагына

© Sputnik / Эламан КарымшаковОкуучулардын ысык тамагы үчүн да атайын акча жыйнашат. Төрт айда буга 970 450 сом чогулган.
Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогултулган. Сокулуктагы мектептин чуусу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Окуучулардын ысык тамагы үчүн да атайын акча жыйнашат. Төрт айда буга 970 450 сом чогулган.

Окуучулардын ысык тамагы үчүн да атайын акча чогултушат. Төрт айда буга 970 450 сом чогулган. Ашканада иштегендерге маяна катары 439 352 сом кетет.

Директор ата-энелер аны кызматтан кетирүүнү гана көздөп ушундай кадамга барып жатат деген пикирин айтууда. Мыйзам бузулбаганын белгилеп, ата-энелердин акчасына жасалгаланган класстарды, ашканага алынган жабдууларды көрсөттү.

"Азыр атайын пландалган акция жүрүп жатат. Максаты — жетекчиликти кызматтан кетирүү. Бул далилденген. Бизде төрт класс компьютер менен камсыздалган. Мындай шарт Бишкектеги мектептердин биринде да түзүлгөн эмес. Бир лингофон кабинети, эки спорттук зал, предметтик класстар заманбап техникалар менен жабдылган. Талапка ылайык ашканабыз бар. Мамлекет куруп берген жайлар эбак эле урап калган. Баарын ата-энелердин фондусунун эсебинен жасап жатабыз. Бюджеттен бизге жарыткан деле акча бөлүнбөйт", — деди Абдуллаева.

Мындан улам, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Залкар Ысакулов бул мектепке 2018-жылы 4,3 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Жылуулук системасын оңдоо, спорт залды капиталдык ремонттоо, откананы оңдоо, көмүр сатып алуу жана жагылган электр энергиясына сарпталган. Ал эми 2019-жылга 4,8 миллион сом берүү каралган.

Директорду чыгарып ийип кабинетинде сабак өтүп. Баткендеги байыркы мектеп видеодо - Sputnik Кыргызстан
Директорду чыгарып ийип кабинетинде сабак өтүп. Баткендеги "байыркы" мектеп видеодо
Соңунда лицейдин директору Кенжаевна эгер ата-энелер акча чогултуудан баш тартса, окуу усулдары өзгөрө турганын ачык айтты.

"Лицей болгондон кийин ийиримдер, атайын курстар, кошумча сабактар өтүлүшү керек. Эгер ата-энелер балдарына сапаттуу билим берүүнү каалабаса, макул, сентябрдан тарта жөнөкөй класстар түзүп, окуу пландары менен гана окутабыз", — деди директор.

Деген менен билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова директордун сөзүн четке какты.

"Бул боюнча директорду чакырып сүйлөшөм. Лицей компоненти мамлекеттик каржылоонун негизинде окуу процесси улана берет. Ата-энелердин акчасын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байлабаш керек. Баш тартышса, эч кандай өзгөрүү болбойт. Ийиримдер да токтоп калбайт. Балким, ысык тамагы алынышы мүмкүн. Муну эми ата-энелер өздөрү чечет", — деди Жусупбекова.

Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, отчетту ачык-айкын көрсөтүүнү көзөмөл кыла турганын айтты.

Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек - Sputnik Кыргызстан
Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек
"Ата-энелер өздөрү ыктыярдуу түрдө коомдук бирикме түзүп, 15 жылдан бери иштеп келет экен. Ага кирсе-кирбесе деле баласы окуй берет. Негизи директор менен мугалим муктаждыгын гана маалымдап, акча чогултууга аралашпашы керек. Бирок ата-энелер өзү келип же банкка бара албагандыктан баласынан берип жиберебиз деп айткан экен. Мен чогулушуна да катышып келдим. Айрымдары отчетту көргөнбүз десе, башкасы жетпей калды деди. Баары ачык-айкын болсун деп мектеп жетекчилигине, райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырма бердик", — деди Жусупбекова.

Белгилей кетсек, Абдуллаева Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексине мындан тогуз жыл илгери, тагыраагы, 2010-жылы директор болуп дайындалган.

Ушул мектептин жанында 29-январь күнү эртең менен окууга келе жаткан 11 жаштагы баланы милиционер унаасы менен коюп кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мындан ары да окуянын жүрүшүнө көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0