Китептеги каталар, тендердеги кемчиликтер чуулуу окуяга айланып, билим берүү жана илим министринин дарегине айтылган сындардын аягы тыйылбай келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жагдайды иликтеп көрүүнү чечти. Ал эми министр Гүлмира Кудайбердиева ушуга чейин түшүндүрмө берүүдөн баш тартып келген.
Мындан улам Кудайбердиева Жогорку Кеңешке тармактык комитеттин жыйынына барганда журналист министрге микрофон сунуп суроолорго жооп алды. Ал бул долбоордун келишими 2015-2016-жылы мурдагы министрдин колу менен бекитилгенин айтат.
"Эл аралык тендердин шартына ылайык, ким эң төмөн баа сунуштаса ошол утат. Кыргызстандык компаниялар бир аз кымбатыраак нарк айткан. Ар бир китептин баасы 100 сомго айланды. 32 аталыштагы китеп чыгарылса, 17си Кыргызстанга келген. Азыр индиялык компания кечигип жатат", — деди Кудайбердиева.
Бирок ал эмне себептен кечигип жатканын жана китептерди басууга канча каражат кеткенин айта албай койду.
Алардын айтымында, 2018-жылы Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен "Билим берүү секторундагы реформаны колдоо" долбоорунун алкагында 5-6-класстар үчүн жаңы китептерди иштеп чыгуу пландалган. Китептердин жалпы саны 3 330 811ди түзөт. Басып чыгарууга 12 лот менен тендер жарыяланып, ага катышууга жергиликтүү жана чет элдик 11 компания арыз берген. Анын ичинен экөөнүн документтери так болгон эмес. Калганы тендерге катышууга укук алып Кыргызстандын "Принт Экспресс" жана "СТ. Арт" ЖЧКлары, ошондой эле Индиянын Pitambra books, Италиянын Grafica Veneta S.p.a, Вьетнамдын Hanoi Printing компаниялары утуп чыккан.
Буюртманын көбү чет өлкөгө кеткен, мисалы индиялык компания алты лотту, башкача айтканда, бир жарым миллион китепти басып чыгармай болгон.
Эгер бул китептерди басып чыгарууга сарпталган каражатты эсептей турган болсок, 303 миллион 802,9 миң сомду түзөт. Салыктарды жана чет өлкөдөн басылган китептердин бажы төлөмдөрүн кошуп эсептегенде ушундай сумма чыкты. Мунун баары Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн грант, насыянын эсебинен жасалууда.
Эмне үчүн чет өлкөдөн басылган
Адегенде эле "Ошол китептерди Кыргызстандан басып чыгарса болбойт беле?" деген суроо жаралат. Айникенованын айтымында, Дүйнөлүк банктын талабы боюнча товардын суммасы 100 миң доллардан ашса, эл аралык тендер жарыяланат. Ошонун негизинде чет өлкөлүк компаниялар катышып, атамекендик ишканаларга караганда арзан баа сунуштаганы үчүн утуп кеткен.
Деген менен италиялык компания буюртманы убагында аткара албай, 15 жумага кечиктирип алып келген. Бул үчүн аларга 33 миң евро айып пул салынганы айтылды. Ал эми Индиянын компаниясы келишим боюнча 20-февралга чейин Кыргызстанга жеткириш керек эле. Бирок камсыздандыруу жаатында көйгөй жаралгандыктан кармалууда дешет. Качан келери белгисиз. Вьетнамдын компаниясы китептерди убагында алып келип берген.
Ал эми "Учкун" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Даир Кенекеев Кыргызстанда деле китептерди басууга кенен мүмкүнчүлүк бар экенин белгилейт.
"Бул тендер кандай өткөнүн мен айта албайт экенмин. Эл аралык уюмдар каржыласа, өзүнүн шарттарын коюшу мүмкүн. Бирок дипломатиялык жол менен өлкөнүн пайдасына чечүүгө аракет кылыш керек. Мына Индиядан, Италиядан басылган китептердин логистикасы, жол киреси жана башка чыгашалары болуп кымбаттап кетип атпайбы. Бизде арзаныраак болмок", — деди Кенекеев.
Мындан сырткары, жакында сатып алуулар боюнча жаңы мыйзам кабыл алынып, мамлекеттик маанидеги иш кагаздарды басуу бир гана мамлекеттик ишканага берилгенин кошумчалады. Эми окуу китептерин да басып чыгаруу укугу берилсе майнаптуу болмоктугун билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин катасы менен чыгып кеткен китептер коомдо бир топ талаш-тартыш жараткан. Ал эми Башкы прокуратура ушул китептерди басууда мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогонун аныктап, Билим берүү жана илим министрлигине кылмыш ишин козгогон.