Алыш деген ушундай болот! Балбан Эрланбек Мырзабековдон мастер-класс

Жазылуу
Балбан Эрланбек Мырзабеков Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында медаль алууга үмүттөндүргөн жигиттердин бири. Ал алыш күрөшүнүн эң кооз ыкмаларын көрсөтүп берди.

Мырзабеков 60 килограмм салмакта күч сынашат. Алыш күрөшү боюнча КРдин төрт жолку чемпиону, эл аралык бир нече турнирдин жеңүүчүсү, эң оболу былтыркы жабык имараттагы Азия оюндарында бел боо жана алыштан күмүш тагынып, курама команданын куржунун эки медалга толтурган. Ал эми Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында коло байгеге ээ болгон. 23 жашта.

Бул жигит топ чапканда... Волейболчу Оңолбек Каныбек уулунун мастер-классы - Sputnik Кыргызстан
Бул жигит топ чапканда... Волейболчу Оңолбек Каныбек уулунун мастер-классы
Балбан мастер-класста жамбаш, тизе, көтөрүп чабуу (прогиб. — ред.) жана кайтарма ыкмаларын көрсөттү. Соңунда булчуңдарды чымыр кармаш үчүн көнүгүүлөрдү көрсөтүп берди.

Белгилей кетсек, Эрланбек Мырзабеков быйылкы маанилүү мелдештерди утуп күздө өтө турчу Көчмөндөр оюнуна катышууга жолдомо алган.

Өткөн жумада мастер-классты кыргыздын уникалдуу сумочулары көрсөтүп берген. Биринин салмагы 180 килограмм.

Жаңылыктар түрмөгү
0