00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда канча мекеме банкроттук абалда турары айтылды
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Сеул шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев "Корея – Борбордук Азия" биринчи бизнес-саммитинде Кыргызстандын критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады. Ведомстводон билдиришкендей, министр өз сөзүндө Кыргызстандын олуттуу ресурстук потенциалын жана тоо-кен тармагын мындан ары диверсификациялоо зарылдыгын белгиледи. Өзгөчө көңүл критикалык минералдар секторун өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана эл аралык өнөктөштөр менен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду. Кыргызстан бардык этаптарда — геологиялык чалгындоодон жана казып алуудан тартып, сырьёну байытууга жана кайра иштетүүгө чейин кызматташууну сунуштайт. Стратегия тармактын айкындуулугун жогорулатууну, инвесторлор үчүн туруктуу шарттарды түзүүнү, инфраструктураны жана технологияларды өнүктүрүүнү, эл аралык каржылоону жана өнөктөштүктү кеңейтүүнү, ошондой эле ESG принциптерин сактоону жана жергиликтүү жамааттарды колдоону караштырат.
Кыргызстанда жеке дарыгерлик ишмердүүлүк менен алектенүүнү каалаган медицина кызматкерлерине карата жаңы талаптар сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү документти коомдук талкууга чыгарды. Долбоорго ылайык, айрым медициналык кызматтарды менчик клиникаларда көрсөтүү үчүн дарыгердин мамлекеттик же муниципалдык ооруканаларда кеминде беш жылдык иш тажрыйбасы болушу шарт. Башкача айтканда, жогорку окуу жайын бүтүрөрү менен эле менчик клиника ачып же жеке ооруканаларда оор, опурталдуу илдеттерди дарылоого уруксат берилбейт. Мындан тышкары, адистин тиешелүү билими, квалификациясы жана лицензиясы болушу шарт.
Бүгүн, 17-сентябрда Агартуу министрлигинде мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары тааныштырылды. Талдоонун жүрүшүндө колдонуудагы материалдар бирдиктүү реестрге топтолуп, алардын күчтүү жактары жана жетишпестиктери аныкталды. Жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн компетенттүүлүккө багытталган 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу боюнча сунуштар даярдалды. Жаңы материалдар кагаз түрүндө гана эмес, санариптик, аудио жана видео форматтарда да даярдалышы керек. Алар ата-энелерге жана педагогдорго балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте курактан өнүктүрүүгө жардам берет.
"Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине карата жабдууларды жана өндүрүштүк инфраструктураны даярдоо иштерин улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда казан жана турбиналык жабдууларды оңдоо, электр-техникалык жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана отун чарбасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. "Оңдоо иштери 80 пайызга аткарылды. Негизги көңүл ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилинде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга бурулууда",-деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0