https://sputnik.kg/20260917/1103720027.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кылат... 17.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-17T11:00+0600
2026-09-17T11:00+0600
2026-09-17T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103719861_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3eced0fa0745bd67cce9265ca54e6364.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган өлкөнүн премьер-министри Хан Сон Сук менен жолугушууда билдирди. Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Жапаров Кыргызстан Корея Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Буга байланыштуу президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Ал эми Хан Сон Сук Кореянын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын жаратылыш ресурстары менен айкалыштырып, кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Ал корей компанияларына жагымдуу шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
1-декабрдан тарта кыргызстандыктар 21 нотариалдык кызматты онлайн ала алышат "Электрондук нотариат" мобилдик тиркемеси аркылуу смартфондон эле бир катар документтерди тариздөөгө болот. Анын ичинде: Жашы жете элек баланын чет өлкөгө чыгуусуна, жарандык алуусуна жана андан чыгуусуна макулдук берүү Мурас, турак жай/унаа сатып алуу, белек кабыл алуу, юридикалык жактарды каттоо жана мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу үчүн ишеним каттарды тариздөө Үй-бүлөлүк абал жана мурастан баш тартуу тууралуу арыздарды берүү
Аймактардагы айрым бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖдогу контракт акчасын төлөп берүү сунушталууда Илим министрлиги "Айылдан келечекке" программасын иштеп чыкты. Ага ылайык, жыл сайын ар бир райондон кеминде беш бүтүрүүчүнүн окуу акысын аймакты өнүктүрүү фонддору төлөйт. Адистиктер райондогу кадр муктаждыгына жараша тандалат. Диплом алгандан кийин бүтүрүүчүлөр өз районунда кеминде үч жыл иштеши керек.
Бишкекке жаңы 95 автобус алып келингенин мэрия билдирди. YUTONG үлгүсүндөгү 12 метрлик транспорт кондиционер менен жабдылган. "Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 5:00дөн тарта, алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү", — деп айтылат маалыматта. Муниципалитет жакынкы убакта калган автобустар да этап-этабы менен чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөрүн билдирди.
Украинада жүрүп жаткан согуштун дүйнөлүк экономикага тийгизген кесепети өтө жаман болууда. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтканын РИА Новости жазды. "Украинадагы согушту токтотуу, тынчтыкка жол ачуу үчүн бардык шарттарды түзүү кечиктирилгис зарылдык болуп турат. Тилекке каршы, жаңжал дале уланып, дүйнөлүк экономикага оор кесепетин тийгизип жатканына күбө болуп жатабыз", — деди ал БУУдагы маалымат жыйынында. Гутерриш ошондой эле карапайым эл азап тартып жатканына өзгөчө тынчсыздануусун билдирип, бейкүнөө адамдарга кол салгандардын бардыгы чечкиндүү түрдө айыпталышы керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, бул кагылышуу азык-түлүк коопсуздугуна, жер семирткич ташууга жана энергетика тармагына олуттуу сокку урганын кошумчалады.
Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган өлкөнүн премьер-министри Хан Сон Сук менен жолугушууда билдирди. Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Жапаров Кыргызстан Корея Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Буга байланыштуу президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Ал эми Хан Сон Сук Кореянын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын жаратылыш ресурстары менен айкалыштырып, кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Ал корей компанияларына жагымдуу шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.1-декабрдан тарта кыргызстандыктар 21 нотариалдык кызматты онлайн ала алышат "Электрондук нотариат" мобилдик тиркемеси аркылуу смартфондон эле бир катар документтерди тариздөөгө болот. Анын ичинде: Жашы жете элек баланын чет өлкөгө чыгуусуна, жарандык алуусуна жана андан чыгуусуна макулдук берүү Мурас, турак жай/унаа сатып алуу, белек кабыл алуу, юридикалык жактарды каттоо жана мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу үчүн ишеним каттарды тариздөө Үй-бүлөлүк абал жана мурастан баш тартуу тууралуу арыздарды берүүАймактардагы айрым бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖдогу контракт акчасын төлөп берүү сунушталууда Илим министрлиги "Айылдан келечекке" программасын иштеп чыкты. Ага ылайык, жыл сайын ар бир райондон кеминде беш бүтүрүүчүнүн окуу акысын аймакты өнүктүрүү фонддору төлөйт. Адистиктер райондогу кадр муктаждыгына жараша тандалат. Диплом алгандан кийин бүтүрүүчүлөр өз районунда кеминде үч жыл иштеши керек. Бишкекке жаңы 95 автобус алып келингенин мэрия билдирди. YUTONG үлгүсүндөгү 12 метрлик транспорт кондиционер менен жабдылган. "Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 5:00дөн тарта, алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү", — деп айтылат маалыматта. Муниципалитет жакынкы убакта калган автобустар да этап-этабы менен чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөрүн билдирди.Украинада жүрүп жаткан согуштун дүйнөлүк экономикага тийгизген кесепети өтө жаман болууда. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтканын РИА Новости жазды. "Украинадагы согушту токтотуу, тынчтыкка жол ачуу үчүн бардык шарттарды түзүү кечиктирилгис зарылдык болуп турат. Тилекке каршы, жаңжал дале уланып, дүйнөлүк экономикага оор кесепетин тийгизип жатканына күбө болуп жатабыз", — деди ал БУУдагы маалымат жыйынында. Гутерриш ошондой эле карапайым эл азап тартып жатканына өзгөчө тынчсыздануусун билдирип, бейкүнөө адамдарга кол салгандардын бардыгы чечкиндүү түрдө айыпталышы керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, бул кагылышуу азык-түлүк коопсуздугуна, жер семирткич ташууга жана энергетика тармагына олуттуу сокку урганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103719861_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_afaa8be91ea818b448e1ee4f6be560ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио