https://sputnik.kg/20260918/1103743120.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеул шаарындагы элчилигинин жаңы имаратын көрдү. Бул тууралуу “Ынтымак... 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T10:59+0600
2026-09-18T10:59+0600
2026-09-18T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/12/1103742954_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d0510057246a3773ccb73e42febebac9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеул шаарындагы элчилигинин жаңы имаратын көрдү. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады. Кыргызстандын Кореядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү алгач 2006-жылы консулдук катары ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн. Көп жылдар бою элчилик ижарага алынган имараттарда жайгашып, ай сайын төлөнүүчү каражат мамлекеттик бюджетке олуттуу салмак салып келгени белгиленди. Элчиликтин жамааты менен баарлашууда Садыр Жапаров жеке кыймылсыз мүлккө өтүү бюджеттик каражатты үнөмдөөгө чоң салым кошконун белгиледи. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу, кызмат көрсөтүү жана кыргыз-корей кызматташтыгын чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Өлкө башчы чыгымды азайтуу үчүн чет өлкөлөрдөгү башка элчиликтерге да имарат сатып алуу керектигин айтты.
Кыргызстанда жеке дарыгерлик ишмердүүлүк менен алектенүүнү каалаган медицина кызматкерлерине карата жаңы талаптар сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү документти коомдук талкууга чыгарды. Долбоорго ылайык, айрым медициналык кызматтарды менчик клиникаларда көрсөтүү үчүн дарыгердин мамлекеттик же муниципалдык ооруканаларда кеминде беш жылдык иш тажрыйбасы болушу шарт. Башкача айтканда, жогорку окуу жайын бүтүрөрү менен эле менчик клиника ачып же жеке ооруканаларда оор, опурталдуу илдеттерди дарылоого уруксат берилбейт. Мындан тышкары, адистин тиешелүү билими, квалификациясы жана лицензиясы болушу шарт. Дарыгер лицензиясында так көрсөтүлгөн кызматтардын алкагында гана иш жүргүзө алат. Ошондой эле жаңы эрежелерге ылайык, жеке клиникалардын дарыгерлери бейтапка медициналык жардам көрсөтөрдөн мурун кызматтын баасын, дарылоонун жүрүшүн жана мүмкүн болгон бардык тобокелчиликтер менен коркунучтарды алдын ала толук түшүндүрүп берүүгө милдеттүү болот.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов менен анын Кыргызстандагы миссиясы аяктап бара жатканына байланышуу жолукту. "Алар Кыргызстан-Россия кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп бара жаткандыгын белгилешти. Буга чейинки болгон майнаптуу жыйынтык мындан аркы соода-сатык жана биргелешкен жаңы долбоорлордун ишке ашышына өбөлгө болмокчу ", — деп билдиришти соода өкүлчүлүктөн. Саманов Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен ишкер коомчулуктун тил табышкан өз ара алакасын баса белгилеп, иштеген учурунда алган таасирлерин айтып берди. Амангелдиев Самановго эки тараптын өнөктөштүгүнүн бекемделишине кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирип, жаңы кызматына ийгилик каалады.
Конго өлкөсүнө Эбола вирусунан көз жумган адамдардын саны 3577ге жетти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал эми жуктургандардын саны 7404 кишиге чукулдаган. Сентябрдын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Гебрейесус Конгодогу Эбола тарыхтагы эң тез жайылган оору болуп жатканын айткан. Ошондой эле ал вирустун дарыгерлерге али белгисиз болгон жугуу жолдору бар экенин эс
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеул шаарындагы элчилигинин жаңы имаратын көрдү. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады. Кыргызстандын Кореядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү алгач 2006-жылы консулдук катары ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн. Көп жылдар бою элчилик ижарага алынган имараттарда жайгашып, ай сайын төлөнүүчү каражат мамлекеттик бюджетке олуттуу салмак салып келгени белгиленди. Элчиликтин жамааты менен баарлашууда Садыр Жапаров жеке кыймылсыз мүлккө өтүү бюджеттик каражатты үнөмдөөгө чоң салым кошконун белгиледи. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу, кызмат көрсөтүү жана кыргыз-корей кызматташтыгын чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Өлкө башчы чыгымды азайтуу үчүн чет өлкөлөрдөгү башка элчиликтерге да имарат сатып алуу керектигин айтты. Кыргызстанда жеке дарыгерлик ишмердүүлүк менен алектенүүнү каалаган медицина кызматкерлерине карата жаңы талаптар сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү документти коомдук талкууга чыгарды. Долбоорго ылайык, айрым медициналык кызматтарды менчик клиникаларда көрсөтүү үчүн дарыгердин мамлекеттик же муниципалдык ооруканаларда кеминде беш жылдык иш тажрыйбасы болушу шарт. Башкача айтканда, жогорку окуу жайын бүтүрөрү менен эле менчик клиника ачып же жеке ооруканаларда оор, опурталдуу илдеттерди дарылоого уруксат берилбейт. Мындан тышкары, адистин тиешелүү билими, квалификациясы жана лицензиясы болушу шарт. Дарыгер лицензиясында так көрсөтүлгөн кызматтардын алкагында гана иш жүргүзө алат. Ошондой эле жаңы эрежелерге ылайык, жеке клиникалардын дарыгерлери бейтапка медициналык жардам көрсөтөрдөн мурун кызматтын баасын, дарылоонун жүрүшүн жана мүмкүн болгон бардык тобокелчиликтер менен коркунучтарды алдын ала толук түшүндүрүп берүүгө милдеттүү болот.Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов менен анын Кыргызстандагы миссиясы аяктап бара жатканына байланышуу жолукту. "Алар Кыргызстан-Россия кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп бара жаткандыгын белгилешти. Буга чейинки болгон майнаптуу жыйынтык мындан аркы соода-сатык жана биргелешкен жаңы долбоорлордун ишке ашышына өбөлгө болмокчу ", — деп билдиришти соода өкүлчүлүктөн. Саманов Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен ишкер коомчулуктун тил табышкан өз ара алакасын баса белгилеп, иштеген учурунда алган таасирлерин айтып берди. Амангелдиев Самановго эки тараптын өнөктөштүгүнүн бекемделишине кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирип, жаңы кызматына ийгилик каалады. Конго өлкөсүнө Эбола вирусунан көз жумган адамдардын саны 3577ге жетти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал эми жуктургандардын саны 7404 кишиге чукулдаган. Сентябрдын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Гебрейесус Конгодогу Эбола тарыхтагы эң тез жайылган оору болуп жатканын айткан. Ошондой эле ал вирустун дарыгерлерге али белгисиз болгон жугуу жолдору бар экенин эс
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/12/1103742954_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_770441e92f5bcdc83b739e3c449b66ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио