https://sputnik.kg/20260917/1103727605.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ишкананын өндүрүш боюнча директорунун айтымында, китептер мамлекеттик мектептер үчүн басылат, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин жеке жактар үчүн да китеп... 17.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-17T15:00+0600
2026-09-17T15:00+0600
2026-09-17T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103727439_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5d3c2cc1ef986391f0b9c38915e50431.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ишкананын өндүрүш боюнча директорунун айтымында, китептер мамлекеттик мектептер үчүн басылат, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин жеке жактар үчүн да китеп чыгарууга укуктуу болгон. "Мыйзам бузган жокпуз, келишимге ылайык кайрылгандарга саттык. Бирок ар бир сатып алуучу китептерди кайда алып барып, кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөй албайбыз", — деди Кубат Бейшеев. Анын айтымында, китептерин жоготуп алган балдардын ата-энелери жаңысын кайдан сатып алса болорун сурап кайрылышкан. Жеке мектептерден да суроо-талап болгон. Ошондуктан басмакананын сайтына мамлекет бекиткен баа жарыяланган. "Жеке мектептер, мисалы, 10-20дан китеп сатып алышат. Баары өтүнмөлөргө ылайык. Бүгүндөн тарта уруксатты жокко чыгарышты. Бизге деле жакшы, тынчыраак болот. Бир жылда болжол менен 23 млн сомго окуу китептерин саттык. Каражат басмакананы тейлөөгө жумшалган", — деди ал.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов менен анын Кыргызстандагы миссиясы аяктап бара жатканына байланышуу жолукту. "Алар Кыргызстан-Россия кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп бара жаткандыгын белгилешти. Буга чейинки болгон майнаптуу жыйынтык мындан аркы соода-сатык жана биргелешкен жаңы долбоорлордун ишке ашышына өбөлгө болмокчу ", — деп билдиришти соода өкүлчүлүктөн. Саманов Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен ишкер коомчулуктун тил табышкан өз ара алакасын баса белгилеп, иштеген учурунда алган таасирлерин айтып берди. Амангелдиев Самановго эки тараптын өнөктөштүгүнүн бекемделишине кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирип, жаңы кызматына ийгилик каалады.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жана коомдук ишмер Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты. Кадырбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Султанбеков адегенде сот залына кишенчен кирүүдөн баш тарткан. "Атамбаев сот залына кишени менен кирди. Бирок кийин сот аны туура эмес жүрүм-туруму үчүн отурумдан чыгарып салды. Прокурор эки айыпталуучуну тең сотко мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырды", — деди Слесарев. Юрист айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып коюлганын билдирди. Соттук териштирүү учурда иштин материалдарын изилдөө этабында жүрүп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ 2025-жылы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданган топ кармалганын билдирген. Алардын арасында саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери бар. Милициянын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топторду, спорт менен шугулдангандарды жана тарапкерлерин башаламандык уюштурууга үндөп, күч колдонууга тартууну көздөшкөн. Шектүүлөр өлкө боюнча бир нече митинг өткөрүүнү пландаштырышканы айтылат.
ЕАЭБ Монголияга тамеки, жумуртка, балык жана эт консерваларын, алкоголдук продукция жана ун жеткирүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. Тизмедеги товарлардын ичинен Кыргызстан Монголияга январь-июль айларында 2,5 миллион сомдук алкоголдук ичимдик экспорттогон. Ал эми Кыргызстандын Монголияга жалпы экспорту 189 миллион сомду түзгөн. Басымдуу бөлүгү азык-түлүк продукциясына туура келет. Арасында кондитердик азыктар, макарон жана жашылчалар бар.
Ишкананын өндүрүш боюнча директорунун айтымында, китептер мамлекеттик мектептер үчүн басылат, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин жеке жактар үчүн да китеп чыгарууга укуктуу болгон. "Мыйзам бузган жокпуз, келишимге ылайык кайрылгандарга саттык. Бирок ар бир сатып алуучу китептерди кайда алып барып, кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөй албайбыз", — деди Кубат Бейшеев. Анын айтымында, китептерин жоготуп алган балдардын ата-энелери жаңысын кайдан сатып алса болорун сурап кайрылышкан. Жеке мектептерден да суроо-талап болгон. Ошондуктан басмакананын сайтына мамлекет бекиткен баа жарыяланган. "Жеке мектептер, мисалы, 10-20дан китеп сатып алышат. Баары өтүнмөлөргө ылайык. Бүгүндөн тарта уруксатты жокко чыгарышты. Бизге деле жакшы, тынчыраак болот. Бир жылда болжол менен 23 млн сомго окуу китептерин саттык. Каражат басмакананы тейлөөгө жумшалган", — деди ал. Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов менен анын Кыргызстандагы миссиясы аяктап бара жатканына байланышуу жолукту. "Алар Кыргызстан-Россия кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп бара жаткандыгын белгилешти. Буга чейинки болгон майнаптуу жыйынтык мындан аркы соода-сатык жана биргелешкен жаңы долбоорлордун ишке ашышына өбөлгө болмокчу ", — деп билдиришти соода өкүлчүлүктөн. Саманов Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен ишкер коомчулуктун тил табышкан өз ара алакасын баса белгилеп, иштеген учурунда алган таасирлерин айтып берди. Амангелдиев Самановго эки тараптын өнөктөштүгүнүн бекемделишине кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирип, жаңы кызматына ийгилик каалады.Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жана коомдук ишмер Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты. Кадырбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Султанбеков адегенде сот залына кишенчен кирүүдөн баш тарткан. "Атамбаев сот залына кишени менен кирди. Бирок кийин сот аны туура эмес жүрүм-туруму үчүн отурумдан чыгарып салды. Прокурор эки айыпталуучуну тең сотко мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырды", — деди Слесарев. Юрист айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып коюлганын билдирди. Соттук териштирүү учурда иштин материалдарын изилдөө этабында жүрүп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ 2025-жылы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданган топ кармалганын билдирген. Алардын арасында саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери бар. Милициянын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топторду, спорт менен шугулдангандарды жана тарапкерлерин башаламандык уюштурууга үндөп, күч колдонууга тартууну көздөшкөн. Шектүүлөр өлкө боюнча бир нече митинг өткөрүүнү пландаштырышканы айтылат.ЕАЭБ Монголияга тамеки, жумуртка, балык жана эт консерваларын, алкоголдук продукция жана ун жеткирүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. Тизмедеги товарлардын ичинен Кыргызстан Монголияга январь-июль айларында 2,5 миллион сомдук алкоголдук ичимдик экспорттогон. Ал эми Кыргызстандын Монголияга жалпы экспорту 189 миллион сомду түзгөн. Басымдуу бөлүгү азык-түлүк продукциясына туура келет. Арасында кондитердик азыктар, макарон жана жашылчалар бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103727439_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_78c3f41620c1183fd5425ef30ebda317.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио