00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:00
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Катуу кыйкыруу ракка алып келиши мүмкүн. Дарыгердин кеңештери
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жапаров Кореяда иштеген кыргызстандыктардын пенсиялык камсыздоосу боюнча келишимди даярдоону тездетүүнү сунуштады. Президент бул маселени Сеулда Кореянын премьер-министри Хан Сон Сук менен жолугушууда көтөрдү. Ошондой эле корей компанияларын Кыргызстанда автоунаа, дары-дармек, текстиль жана электроника өндүрүштөрүн ачууга катышууга чакырды. Ал эми Хан Сон Сук Кореянын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын жаратылыш ресурстары менен айкалыштырып, кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Ал корей компанияларына жагымдуу шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Учкун" окуу китептерин сатуу боюнча айыптоолорго жооп берди. Ишкананын өндүрүш боюнча директорунун айтымында, китептер мамлекеттик мектептер үчүн басылат, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин жеке жактар үчүн да китеп чыгарууга укуктуу болгон. "Мыйзам бузган жокпуз, келишимге ылайык кайрылгандарга саттык. Бирок ар бир сатып алуучу китептерди кайда алып барып, кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөй албайбыз", — деди Кубат Бейшеев. Анын айтымында, китептерин жоготуп алган балдардын ата-энелери жаңысын кайдан сатып алса болорун сурап кайрылышкан. Жеке мектептерден да суроо-талап болгон. Ошондуктан басмакананын сайтына мамлекет бекиткен баа жарыяланган. "Жеке мектептер, мисалы, 10-20дан китеп сатып алышат. Баары өтүнмөлөргө ылайык. Бүгүндөн тарта уруксатты жокко чыгарышты. Бизге деле жакшы, тынчыраак болот. Бир жылда болжол менен 23 млн сомго окуу китептерин саттык. Каражат басмакананы тейлөөгө жумшалган", — деди ал.
Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жарым тоннага жакын тамак-ашты гуманитардык жардам катары берди. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди. Мунун 473,2 тоннасы байытылган ун, 67,5и тазаланып, экиге бөлүнгөн буурчак экенин айтышты. Расмий иш-чара Ош шаарында болуп, ага РФтин башкы консулу Роман Свистин, "Русский дом" борборунун жетекчиси Дмитрий Аврам жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалымат кызматынын адиси Алмаз Чороев азык-түлүк майыптыгы бар бүлөлөргө таратыла турганын кабарлады.
Украинада жүрүп жаткан согуштун дүйнөлүк экономикага тийгизген кесепети өтө жаман болууда. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтканын РИА Новости жазды. "Украинадагы согушту токтотуу, тынчтыкка жол ачуу үчүн бардык шарттарды түзүү кечиктирилгис зарылдык болуп турат. Тилекке каршы, жаңжал дале уланып, дүйнөлүк экономикага оор кесепетин тийгизип жатканына күбө болуп жатабыз", — деди ал БУУдагы маалымат жыйынында. Гутерриш ошондой эле карапайым эл азап тартып жатканына өзгөчө тынчсыздануусун билдирип, бейкүнөө адамдарга кол салгандардын бардыгы чечкиндүү түрдө айыпталышы керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, бул кагылышуу азык-түлүк коопсуздугуна, жер семирткич ташууга жана энергетика тармагына олуттуу сокку урганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0