00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Стоп кадр
Кыргыз киносу 85 жашта: кадр маселеси эмнеге дагы деле актуалдуу?
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Меняющие мир
Президент Агентства судей ММА о том, как устроена судейская система и почему «бои без правил» — неточное название
20:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда канча мекеме банкроттук абалда турары айтылды
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеул шаарындагы элчилигинин жаңы имаратын көрдү. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады.Кыргызстандын Кореядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү алгач 2006-жылы консулдук катары ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн. Көп жылдар бою элчилик ижарага алынган имараттарда жайгашып, ай сайын төлөнүүчү каражат мамлекеттик бюджетке олуттуу салмак салып келгени белгиленди.“Бул маселе 2025-жылдын апрелинде чечилип, Сеулдун борбордук бөлүгүндө — негизги мамлекеттик жана административдик мекемелерге жакын аймактан Кыргызстандын элчилиги үчүн жеке өзүнүн имараты сатып алынган”, — деп айтылат маалыматта. Элчиликтин жамааты менен баарлашууда Садыр Жапаров жеке кыймылсыз мүлккө өтүү бюджеттик каражатты үнөмдөөгө чоң салым кошконун белгиледи. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу, кызмат көрсөтүү жана кыргыз-корей кызматташтыгын чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Өлкө башчы чыгымды азайтуу үчүн чет өлкөлөрдөгү башка элчиликтерге да имарат сатып алуу керектигин айтты.
Кыргызстанда медициналык кызматтар санариптештирилүүдө. Ведомстводон билдиришкендей, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы санариптештирүү боюнча иштердин жүрүшүн жеринен текшерүүдө. Бүгүнкү күндө "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында медициналык кызматтарды санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштер бюрократияны азайтуу, кагаз документтердин жүгүртүлүшүн кыскартуу жана жарандар үчүн кызматтарды алууну жеңилдетүү максатын көздөйт.Эгер керектүү маалымат мамлекеттик маалыматтык системаларда бар болсо, жаран аны кайрадан кагаз түрүндө чогултуп, тапшырууга муктаж болбойт. "Sanarip Clinic" медициналык маалыматтарды түзүү жана иштетүүнү камсыз кылса, "Түндүк" аркылуу жарандар санариптик мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүк алышат. "Бул иштер жарандардын убактысын үнөмдөөгө, ашыкча кагаз иштерин жана административдик жүктү азайтууга багытталган. Саламаттык сактоо системасын санариптештирүү — ыңгайлуу, тез жана заманбап кызмат көрсөтүүгө карай маанилүү кадам", - деп белгилешти министрликтен.
Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Москва Европанын мүмкүн болчу бардык агрессиясына жооп кайтарууга даяр экенин билдирди. Министр Екатеринбургда өтүп жаткан Эл аралык жаштар фестивалында сүйлөп, Европа мамлекеттери Россиянын эскертүүсүн жакшылап укту деген ишенимин билдирди. "Россия Европага кол салбайт. Бирок Россия менен согушка даярданып жатканын күн сайын саймедиреген Европа Россия Федерациясына кол салса, анда бул таптакыр башка согуш болуп, узакка созулбайт", — деди саясатчы. Анын айтымында, Европада бийликтеги русофобиялык режимди сактап калуу үчүн Украина аймагына мобилизациялык күчтөрдү жайгаштыруу талкууланып жатат. Лавров Москва атайын операциянын алдында койгон жана жаңжалдын түпкү себебин жое турган максаттарын ирет-тартиби менен аткарып келе жатканын белгиледи.Буга чейин министр Россиянын атайын аскердик операциясынын милдети ошол боюнча калганын билдирген. Анын ичинде Россиянын коопсуздугун камсыздоо, НАТОнун РФ чегине жакын кеңейишине жол бербөө жана орустар менен орус тилдүү тургундардын укугун коргоо бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0