https://sputnik.kg/20260918/1103743389.html
Катуу кыйкыруу ракка алып келиши мүмкүн. Дарыгердин кеңештери
Катуу кыйкыруу ракка алып келиши мүмкүн. Дарыгердин кеңештери
Sputnik Кыргызстан
Үндү сактоо тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда медицина илимдеринин кандидаты, Эл аралык жогорку медицина мектебинин атайын клиникалык дисциплиналар... 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T11:04+0600
2026-09-18T11:04+0600
2026-09-18T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/12/1103743219_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8eff1584ed905e249868872380cc6c5e.jpg
Катуу кыйкыруу ракка алып келиши мүмкүн. Дарыгердин кеңештери
Sputnik Кыргызстан
Үндү сактоо тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда медицина илимдеринин кандидаты, Эл аралык жогорку медицина мектебинин атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасынын доценти, ЛОР-врач жана фониатр Альфиза Орозалиева билдирди.
Адистин айтымында, “үн каргылданып же жоголуп калганда үн байламталарынын иштеши бузулат. Айрыкча грипп сыяктуу вирустук инфекциялардан кийин кекиртектин былжыр чели сезгенип, үн өзгөрүшү мүмкүн. Ларингит да үн жоготуунун кеңири тараган себептеринин бири. Кекиртек сезгенген учурда адамда тамактын кыжырданышы, жөтөл, үнүнүн каргылданышы жана айрым учурларда үндүн толук жоголушу байкалат. Ошол эле учурда үн байламталарына ашыкча күч келтирүү да көйгөй жаратышы мүмкүн. Катуу кыйкыруу, узак убакыт бою катуу сүйлөө же көп ырдоо үн байламталарына күч келтирип, алардын жабыркашына жана түйүнчөктөр, полиптер сыяктуу өзгөрүүлөрдүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Буга көбүн эсе мугалимдер, энелер, алып баруучулар, ырчылар, аскер кызматкерлери жана башка үнүн кесипкөйлүк менен көп колдонгон адамдар үн көйгөйлөрүнө көбүрөөк кабылышат. Мындай адамдар үчүн үн гигиенасын сактоо жана үнүнө ашыкча күч келтирбөө маанилүү.Мындан тышкары, тамеки тартуу, вейп колдонуу, чаң, кургак аба жана айлана-чөйрөнүн булганышы да кекиртекке терс таасирин тийгизип, үнүнүн өзгөрүшүнө себеп болушу мүмкүн. Кыргызстан кургак өлкө болгондуктан бизде бул көйгөй көп кездешет ошондуктан бөлмөлөргө, офистерге атайын абаны нымдаштыруучу жабдууларды колдонуш керек же болбосо бат-баттан суу ичип үн байламталарын нымдаштырып туруу зарыл. Айрым учурларда аллергия жана ашказандагы кычкылдын кызыл өңгөчкө кайра көтөрүлүшү, рефлюкс да үн каргылданышына алып келет. Ошондой эле калкан безинин оорулары жана үн байламталарын башкарган нервдердеги көйгөйлөр да үн өзгөрүшүнө себеп болушу мүмкүн,” – деди Орозалиева
Мындан тышкары, үнү каргылданып турганда аны ашыкча колдонбоо, жетиштүү суюктук ичүү жана өз алдынча дарыланбоо. Айрыкча узакка созулган каргылдануу тамеки тарткан адамдарда олуттуу оорулардын белгиси болушу мүмкүн болгондуктан, медициналык текшерүүдөн өтүү маанилүү экенин кошумчалады.
Үндү сактоо тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда медицина илимдеринин кандидаты, Эл аралык жогорку медицина мектебинин атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасынын доценти, ЛОР-врач жана фониатр Альфиза Орозалиева билдирди.Адистин айтымында, “үн каргылданып же жоголуп калганда үн байламталарынын иштеши бузулат. Айрыкча грипп сыяктуу вирустук инфекциялардан кийин кекиртектин былжыр чели сезгенип, үн өзгөрүшү мүмкүн. Ларингит да үн жоготуунун кеңири тараган себептеринин бири. Кекиртек сезгенген учурда адамда тамактын кыжырданышы, жөтөл, үнүнүн каргылданышы жана айрым учурларда үндүн толук жоголушу байкалат. Ошол эле учурда үн байламталарына ашыкча күч келтирүү да көйгөй жаратышы мүмкүн. Катуу кыйкыруу, узак убакыт бою катуу сүйлөө же көп ырдоо үн байламталарына күч келтирип, алардын жабыркашына жана түйүнчөктөр, полиптер сыяктуу өзгөрүүлөрдүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Буга көбүн эсе мугалимдер, энелер, алып баруучулар, ырчылар, аскер кызматкерлери жана башка үнүн кесипкөйлүк менен көп колдонгон адамдар үн көйгөйлөрүнө көбүрөөк кабылышат. Мындай адамдар үчүн үн гигиенасын сактоо жана үнүнө ашыкча күч келтирбөө маанилүү.Мындан тышкары, тамеки тартуу, вейп колдонуу, чаң, кургак аба жана айлана-чөйрөнүн булганышы да кекиртекке терс таасирин тийгизип, үнүнүн өзгөрүшүнө себеп болушу мүмкүн. Кыргызстан кургак өлкө болгондуктан бизде бул көйгөй көп кездешет ошондуктан бөлмөлөргө, офистерге атайын абаны нымдаштыруучу жабдууларды колдонуш керек же болбосо бат-баттан суу ичип үн байламталарын нымдаштырып туруу зарыл. Айрым учурларда аллергия жана ашказандагы кычкылдын кызыл өңгөчкө кайра көтөрүлүшү, рефлюкс да үн каргылданышына алып келет. Ошондой эле калкан безинин оорулары жана үн байламталарын башкарган нервдердеги көйгөйлөр да үн өзгөрүшүнө себеп болушу мүмкүн,” – деди ОрозалиеваМындан тышкары, үнү каргылданып турганда аны ашыкча колдонбоо, жетиштүү суюктук ичүү жана өз алдынча дарыланбоо. Айрыкча узакка созулган каргылдануу тамеки тарткан адамдарда олуттуу оорулардын белгиси болушу мүмкүн болгондуктан, медициналык текшерүүдөн өтүү маанилүү экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/12/1103743219_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3728418d9a7a134d701959a5e6692ca1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Катуу кыйкыруу ракка алып келиши мүмкүн. Дарыгердин кеңештери
11:04 18.09.2026 (Жаңыртылды: 11:16 18.09.2026) Коноктор
Альфиза Орозалиева, медицина илимдеринин кандидаты, Эл аралык жогорку медицина мектебинин атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасынын доценти, ЛОР-врач жана фониатр