https://sputnik.kg/20260917/1103714666.html
Санарип парламент: Жогорку Кеңештин ишин кандай өзгөрттү?

Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 16-апрелинде КРдин Жогорку Кеңешинде “Электрондук парламент” санариптик платформасын ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлган. Бул тууралуу “Күн... 17.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-17T09:04+0600
2026-09-17T09:04+0600
2026-09-17T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103714496_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_71eb837b3227d4345b90aab74afbca16.jpg
Санарип парламент: Жогорку Кеңештин ишин кандай өзгөрттү?
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 16-апрелинде КРдин Жогорку Кеңешинде “Электрондук парламент” санариптик платформасын ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлган. Бул тууралуу “Күн башат” программасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов билдирди.Анын айтымында, парламент беш жылда 65 тонна кагаз колдонуп, болжол менен 157 млн сом каражатка чыгым болмок.“Электрондук парламент эки негизги багытта иштейт: ички багыты — депутаттар жана Жогорку Кеңештин аппараты үчүн жыйындардын күн тартиби, министрликтерге жана мэрияларга берилген тапшырмалар жана алардын так аткаруу мөөнөттөрү, депутаттык суроо-талаптардын реестри, ошондой эле жетекчилик үчүн аналитикалык маалыматтар камтылат. Ал эми тышкы багыты — жарандардын кайрылууларын жөнөтүү, депутаттын кабыл алуусуна онлайн жазылуу, ошондой эле депутаттардын коомчулук үчүн ачык профилдерин түзүү каралган. Ал профилдерде депутаттардын жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча аткарган иштери жана натыйжалары көрсөтүлөт. Ошондой эле Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишин адамдар гана эмес, жасалма интеллект дагы чагылдыра баштады. ЖИ теле алып баруучулары “Мыйзам мырза” жана “Айым Кеңеш кызы” депутаттардын иши жөнүндө айтып берип, күндүн жыйынтыгын чыгарып, коомчулукка жуманын окуялары тууралуу ыкчам, так жана ыңгайлуу санариптик форматта маалымат беришүүдө. Андан тышкары, депутаттарга 90 планшет берилип, ага карала турган маалыматтар жүктөлүп турат”, — деди Абытов.Ал 23-апрелден тарта коомдук кабылдама ачылып, ЖИ жардамы менен жарандын кайрылуусун толук жаздырып, оюн тууралап текст даярдап дароо депутатка жөнөтүлөрүн кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103714496_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7ce07d69e99b88a98004a136ddb2f057.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Санарип парламент: Жогорку Кеңештин ишин кандай өзгөрттү?
09:04 17.09.2026 (Жаңыртылды: 09:16 17.09.2026) Коноктор
Алмасбек Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси