Баш ооруткан акысыз көмүр. Майыптар менен пенсионерлер өкмөттүн отунуна нааразы

Жазылуу
Бишкек шаардык Отун базасында социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилген акысыз көмүрдүн сапаты нааразычылык жаратты. Таратылган көмүрдүн жарымы жарактуу болсо, жарымы күкүмгө чыгарын айтышууда. Айрымдары буга чейин кумдай болгон майда көмүрдү жүктөп бергенде албай койгонун билдиришти.

Көмүр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көмүрдүн баасы тизгинделеби? Маморгандардын түшүндүрмөсү
Жыл сайын майыптар, согуштун ардагерлери, муктаж пенсионерлер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан 1,5 тоннадан акысыз көмүр алышат. Бул тизмеге катталгандардын саны Бишкек шаарында 4346 үй-бүлөнү түзөт. Аларга кара алтын "Кара-Кече" көмүр кенинен ташып келинет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы түйшүккө салган кара отун маселеси менен жеринен таанышып келди.

Өмүрүн агартуу тармагына арнаган Ишенгүл Осмоналиева жыл сайын алып келген кара отунга жетпей убара тарткандардын катарын толуктайт.

"Бул жакка балам эки жолу келип ала албай кетти. Кээде кезек жетпей калса, кээде майда көмүрдү беребиз деп жатат. Аны жол кире кетирип алып барсак, мешке күйбөсө таштандыга төгөбүзбү?! Өзүм II топтогу майыпмын. Өмүр бою мугалим болуп иштегем. Бүгүн жакшыраак көмүр келиптир, ушундан берсе алып кетем", — деди пенсионер.

Анткен менен көмүр ташуу кызматын тендерден утуп алган "МВК Трейд" компаниясынын өкүлү Канат Садабаев элге туура эмес маалымат тараган деген пикирди карманат.

"Бул сиздер көргөн майда көмүрдү кыш заводуна алып кетет. Ушуну карап эле бизге берип жатат дешүүдө. Күнүгө келип түшкөн көмүрдү убагында таратып жатабыз. Кезеги жетпей калгандар кийинки күнү алат. Мына азыр жүктөлүп жаткан көмүр жакшы эле болуп жатпайбы", — деди Садабаев.

Ал эми дагы бир пенсионер Бурулсун Бейшекеева жыл сайын эле ушул сыяктуу сапатсыз көмүр алып келингенин айтат.

Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто көмүр наркы 12 миң сомго жетти. Чекене бааны өкмөт качан көзөмөлдөйт
"Азыр дурус көмүр келиптир деп жатышат. Жылда алган көмүрлөрдүн жарымын гана жаксак, жарымын элеп төкчүбүз. Начары берилип калчу. Эми журналисттер жаза баштаганда жакшысын ташып калышты окшойт. Дүйшөмбү күнү келгенде бул жактагылар "эки күндөн кийин келиңиз, ошондо сапаттуу көмүр түшөт" деп жөнөткөн", — деди Бейшекеева.

Андан соң ал көмүр жүктөлүп жаткан жерге барып бир аз ичи сууй түштү. Бул деле орточо сапатта экен деп, эмнеси болсо да бергенине шүгүр кыла турганын айтып отуруп калды.

Бишкек шаардык мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Курманбеков бул боюнча жарандар арыз менен кайрылып, нааразычылыктар негиздүү экени аныкталса, көмүрдү алмаштырып берүүгө даяр экенин билдирди.

"Алар базарда эленип сатылган көмүрдү элестетип алышат экен. Бизге карьерден кандай жүктөлсө ошол боюнча келет. Андыктан бирөөнө кесеги, башкасына күкүмү туш келип жаткандыр. Ал жерде көзөмөл кылып турган биздин өкүлдөр дагы бар. Күнүнө 50-70 тонна көмүр келип түшөт. Учурда тизмедеги муктаждардын 88 пайызына таратылып берилди", — деди Курманбеков.

Белгилей кетсек, азыркы тапта борбор калаада көмүрдүн баасы 4000-5000 сомдун тегерегинде сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0