00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как защитить детей мигрантов: новые требования об оформлении опекунства в КР
12:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Россияда мигранттарга көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алуу керек?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги коомдук транспорттордо тейлөө сапаты кандай? - Атайын рейддин жыйынтыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ислам принциби менен каржыланган аблигациялар Кыргызстанда кандай иштөөдө?
17:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как в Кыргызстане проходит общественное обсуждение властных решений
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз коомундагы аял, эркектин орду кандай болгон?
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Путешествие в мир детских грёз: очарование и глубина романа Нила Геймана
20:06
40 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
23:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көмүрдүн баасы тизгинделеби? Маморгандардын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Актан ТемиркановКөмүр кени. Архив
Көмүр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ош облусунда Сүлүктү көмүрүнүн бир тоннасы 12 миң 500 сомдон түшө элек. Ал эми Баткенде аталган көмүрдүн түрү тогуз миң сомго жетсе, Бишкек шаарында Кара-Жыра көмүрү 5000 сомго чейин сатылууда.

Суук түшүп келе жатканда бул акчалар карапайым калктын чөнтөгүнө туура келеби, кара алтынга болгон баа качан көзөмөлдөнө баштайт? Бул суроолорго жооп алуу максатында Sputnik Кыргызстан агенттиги тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып көрдү.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, учурда мекеме өлкө аймагындагы көмүр баасын жөнгө сала турган токтомдун үстүндө иштеп жатат. 30-ноябрдан тартып анык бир баа белгиленип, аймактар көзөмөлгө алына баштайт.

"Азырынча дүңүнөн жана чекене сатыла турган баалар өз-өзүнчө эсептелүүдө. Дүңүнөн саткандарга көмүрдүн өз баасына беш пайыз, ал эми алып сатуучуларга 10 пайыз кошуп сата тургандай кылып бааларды эсептеп беребиз", — деди аталган агенттиктин маалымат катчысы Азамат Муканов.

"Кыргыз көмүр" ишканасы учурда көмүрдүн баасы акырындап нугуна түшүп келе жатканын айтып, өлкөдө кара алтын былтыркыга салыштырмалуу кенен экенине токтолду.

Кокуйлаткан көмүр баасы! Кыргыз көмүр кара алтындын баасы арзандайт дейт... - Sputnik Кыргызстан
Кокуйлаткан көмүр баасы! "Кыргыз көмүр" кара алтындын баасы арзандайт дейт...
"Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өлкөдө көмүр көбүрөөк. Акыркы он ай ичинде жергиликтүү кендерден 1 миллион 246 миң тонна көмүр казып алынды. Ал эми көмүрдүн кымбатташынын себебине токтолсок, башка шахталарда көмүр жер үстүнөн атайын техниканын жардамы менен алынса, Сүлүктүнүн көмүрү 500-600 метр тереңдиктен казып алынат. Мисалы, жер үстүнөн алынган көмүрлөрдүн өздүк наркы 1000-1200 сомдон болсо, жер алдынан казып алынган көмүрлөрдүн өз баасы эле 4500-5000 сомдон чыгат. Анан аларды 500 чакырым алыстыкка чейин ташып алып барышат", — деди "Кыргыз көмүр" ишканасынын техникалык директору Валерий Бобров.

Ишкана Бишкекте көмүр баасынын көтөрүлүп кеткенине ортодо Казакстандан кара алтындын келбей калышы себеп экенин белгиледи. Ушу тапта көмүр жеткирүү жанданып, баа да өз калыбына келе баштаган.

Эске салсак, 16-ноябрда өкмөт башчы Сапар Исаков, өлкө аймагында сатылуучү көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө токтомго кол койгон. Маалымат боюнча атайын токтомдун негизинде 90 күн ичинде көмүрдүн баасы көзөмөлдөнүп турат. Эгер алып сатуучулар коюлган баага баш ийбесе аларга административдик айып пул салынат.

Өлкө аймагында көмүрдүн бир тоннасы канчадан сатылып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан билсеңиз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0