Чемпион кыз Айсулуу кийинки кадамдарын айтты

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanЧемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане
Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуну 20-сентябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков куттуктап, анын жеңиши жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгилеген.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Айсулуу Тыныбекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кийинки кадамдары туурасында айтты.

Тыныбекованы эл аралык "Манас" аэропортунан күйөрмандар, журналисттер, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер Замирбек Аскаров, коомдук ишмер Айгүл Рыскулова тосуп алды.

Эсеналиев Айсулууну спорттон өспүрүм кезинен бери үмүт жаратып келе жаткандыгын айтып, машыктыруучунун эмгегин баса белгиледи.

"Баатыр кызыбызды тосуп алдык. Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан кечээки ийгилиги менен элибизди, мамлекетибизди куттуктайбыз. Жеңиш жөн келген жок, көп жылдык эмгек. Айсулууну юниордук мезгилинен бери көрүп келдик. Кечээки беттеште тактикалык жагынан да бардык оюндарды мыкты өткөрүп, акыркы секундалардан жеңишти атаандашынан жулуп алды. Айсулуунун ийгилиги — тренердин ийгилиги. Эмгектин, маңдай тердин ийгилиги менен машыктыруучу Нурбек Изабековду куттуктайбыз", — деди ал.

Кыргызстандык спортчу  Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Спортту баскетболдон баштаган. Атактуу Тыныбекова тууралуу 6 факты
Ал эми Айсулуу Тыныбекова келерки кадамдары кандай болорун айтты.

"Кыргызстандан Нур-Султанга аттанганда алтын алабыз деген тилек менен чыкканбыз. Бул ийгилик Олимпиадага бара жаткан жолубуздун экинчи этабы. Буга чейин дүйнөлүк чемпионатка даярданып жаткандыктан, журналисттерге жооп бере албадык. Ар бир убакыт маанилүү болду, көп телеканалдардан, ЖМКлардан баш тарттык. Эми деле ушундай жол менен даярдык көрөбүз. Андыктан журналисттерден кечирим сурайм", — деди Тыныбекова.

Ал эми машыктыруучу Нурбек Изабеков жеңиш Кыргызстанга таандык экендигин билдирди. Ал сүйлөп жатып, үнү чыкпай калган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

"Эки күндөн бери кыйкырып жатып үнүмдү жоготуп алдым. Жеңиш, албетте, Кыргызстанга таандык. Президенттин, элдин, күйөрмандардын ишеними зор болгонун сездик. Казакстанда, Нур-Султанда иштеп жаткан мекендештерибиздин, кыргыз диаспорасынын колдоосу да күч болду. Ишенимди актаганга кубанычтабыз", — деди Изабеков.

Спортчуну 20-сентябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков куттуктап, анын жеңиши жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгилеген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0