Атаандаштардын айырмачылыгы эмнеде? БАЭ футбол командасы тууралуу 5 факты

© REUTERS / Satish KumarКубок Азии по футболу. Групповой этап. ОАЭ — Индия
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. ОАЭ — Индия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча Азия кубогу Кыргызстан курама командасы үчүн тарыхый жыйынтык алып келди. Мелдешке алгачкы жолу катышып жаткан футболчуларыбыз тайпадан татыктуу чыгып, 1/8 финалга жолдомо алышты. Эми Кыргызстанды алдыда талаа ээси БАЭ менен боло турган оюн күтүүдө.

Бириккен Араб Эмирлигинде (БАЭ) өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогу Кыргызстан курама командасы үчүн ийгиликтүү болууда. Эми футболчуларыбызды алдыда дагы бир чоң сыноо күтүп турат. Команда 1/8 финалда БАЭ курамасы менен ойномокчу. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ФИФАнын азыркы рейтингинде 79-орунда турган атаандаш команда тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт. Эскерте кетсек, Кыргызстан аталган тизмеде 91-сапты ээлеп турат.

Дүйнөлүк чемпионатка катышкан. Алгачкы оюнун 1972-жылы өткөргөн БАЭнин футбол боюнча курама командасы өз тарыхында бир топ эле ийгиликтерге жетишкен. 1990-жылы биринчи жана акыркы жолу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу укугуна ээ болгон. Бирок тайпасындагы Германия, Югославия жана Колумбияга жеңилип, акыркы орунду ээлеген. 

© REUTERS / SUHAIB SALEMКубок Азии по футболу. Групповой этап. ОАЭ — Таиланд
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. ОАЭ — Таиланд - Sputnik Кыргызстан
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. ОАЭ — Таиланд

Азия кубогунда күмүш тагынган. БАЭ Азия кубогуна буга чейин тогуз жолу катышып, үч жолу байгелүү орундарга татыган. 1992-жылы төртүнчү орунду ээлесе, өз үйүндө өткөн 1996-жылкы мелдеште күмүш медаль тагынган. Ал эми төрт жыл мурунку кубокто 3-орунду багындырган.

Тайпасында лидер. БАЭ ушу тапта өз тайпасындагы үч оюнду бир жеңиш жана эки тең чыгуу менен бүтүрүп, биринчиликти эч кимге берген жок. Алар Бахрейн жана Таиланд менен 1:1 эсебинде ойноп, ал эми Индияны 2:0 менен жеңишти.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан футболчулары БАЭ командасын ута алабы? Пикирлер
Команданын жылдыздары. БАЭ курамасынын дээрлик бардык оюнчулару өз өлкөсүнүн футболдук клубдарында ойношот. Мунун себеби өлкөнүн футбол тармагы жакшы өнүккөндүгүндө. Мисалы, жергиликтүү "Аль-Айн" клубу 2003-жылы Азиянын Чемпиондор лигасын жеңип алган. Өз убагында өлкөнүн чемпионатында Давид Трезеге, Лука Тони, Мирко Вучинич, Асамоа Гьян жана Жо сыяктуу белгилүү футболчулар топ тебишкен. Ал эми азыркы учурда Азия кубогунда күчүн сынап жаткан курама командада да жылдыздар жетишээрлик. Алар — мелдештеги үч оюнда тең дарбазаны коргогон Халид Эсса, коргоодо да, жарым коргоодо да мыкты оюн көрсөткөн Халифа Мубарак жана чабуулчулар тажрыйбалуу Исмаил аль-Хаммади менен тайпалык оюндарда эки гол киргизген Али Мабхут. Transfermarkt.de басылмасына ылайык, команданын жалпы наркы 11,1 миллион евро турат

Италиялык машыктыруучу. БАЭ курама командасын белгилүү италиялык машыктыруучу Альберто Дзаккерони машыктырат. Кызматына 2017-жылы келген адис өз кезегинде "Милан", "Интер" жана "Ювентус" сыяктуу футболдун алп командаларын жетектеп келген. БАЭге чейин төрт жыл Япония курама командасын машыктырып, аны менен 2011-жылы Азия кубогун жеңип алган.

Кыргызстан менен БАЭнин оюну 21-январь күнү саат 23:00дө Абу-Даби шаарындагы "Зайед Спорт Сити" стадионунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0