БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы катарлыктар менен жолдоштук беттеш өткөрүп, жеңилип калды. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин уюштурулган беттеш жабык режимде Катарда өттү. Маалыматка караганда, атаандаштар кыргыз футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алды.
Full Time: 🇶🇦 Катар 1 — 0 Кыргызская Республика 🇰🇬
— FFKR (@_FFKR) 25 декабря 2018 г.
Контрольный матч сборных Катара и Кыргызстана завершился минимальной победой хозяев поля.#ВместеНаАзию #AsianCup2019 #RoadToUAE #akshumkar #КүчБиримдикте #СтоятьГорой #KyrgyzRepublic #KyrgyzFootball pic.twitter.com/PdaoghMETp
Белгилей кетсек, жакында эле дал ушундай беттеш Иордания курама командасы менен өткөрүлгөн. Анда кыргызстандыктар 1:0 эсеби менен жеңип алышкан.
Эске салсак, ушул тапта курама команда Доха (Катар) шаарында өтчү алгачкы Азия кубогуна кам көрүп жатат.
Чемпионат 2019-жылдын 5-январында башталат.