Макгрегордун күйөрмандары ачык машыгууда Нурмагомедовду кодулашты. Видео

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТренировка бойца Хабиба Нурмагомедова
Тренировка бойца Хабиба Нурмагомедова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгуу учурунда ирландиялык мушкер россиялык спортчуну "келемиш" деп атады.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 4-октябрга караган түнү Лас-Вегас шаарында мушкерлер Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор беттеше турчу UFC турниринин алкагында спортчулардын ачык машыгуусу өттү.

Нурмагомедовду атаандашынын күйөрмандары ышкырып, кыйкырып, ызы-чуу менен тосуп алышты, бирок спортчу өзүн сабырдуу кармады. Ал 15 мүнөт спарринг көрсөткөндөн кийин отургандарга кайрылды.

"Салам алейкум! Үч күндөн кийин бардыгыңар мени жакшы көрүп каласыңар. Мен өлсөм да Макгрегорду утам. Силердин жигит дайыма ирландиялыктар Англия империясын уткан дейт, бирок неге Конордун атасы ушул жөжө англиялыктар менен иштешип жүрөт? Эмнесине карап аны колдойсуңар?" — деди Хабиб.

Отургандар мушкердин сөзүн аягына чыгарган жок. 

​Конор машыгууга бир жаштагы баласын көтөрө келип, иш-чарага жарым саат кечиккен. 

​Мушкер машыгууда бокстун ыкмаларын көрсөтүп, соңунда Хабибди "келемиш" деп атады.

​"Мен мунун өмүрүн алыш үчүн келдим! Мага ушул келемиштерди бергилечи, үйүнө, тагыраагы тоого жиберейин", — деди Макгрегор.

4-октябрда ошондой эле маалымат жыйын жана спортчулардын салмакка түшүү аземи өтөт. Беттеш болсо жекшемби күнү эртең менен болот.

Нурмагомедов ММА чөйрөсүндө 26 кармаш өткөрүп, бир да ирет жеңилип көргөн эмес. Макгрегор UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону. Аралаш мушташта 21 беттешти утуп, үч ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0