Кыргызстанда кийинки жылы күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Жазылуу
Мелдеш грек-рим, эркин күрөш түрү боюнча жана кыздар арасында болот

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кийинки жылы күрөш боюнча Азия биринчилиги Бишкекте өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, чемпионат 2018-жылы 28-февралдан 4-мартка чейин борбор калаада уюштурулат. Мындай мүмкүнчүлүккө кыргызстандык спортчулар бир жылдай сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишти. Мелдеш грек-рим, эркин күрөш түрү боюнча жана кыздар арасында болуп, ага Азия өлкөлөрүнүн спортчулары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0