https://sputnik.kg/20261018/1104366327.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эртең, 19-октябрда, Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы тышкы иштер... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T16:59+0600
2026-10-18T16:59+0600
2026-10-18T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104366161_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d8ab0a0191d29c633d074c6154196fd0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эртең, 19-октябрда, Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Тараптар актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашат. Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун келечеги каралат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов министрлер кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы учурдагы демографиялык кырдаалды, өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн демографиялык саясаттын стратегиялык маанисин белгилеп, бул багыттагы максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган аракеттерин талап кыларын белгиледи. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга, жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, анын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле аныкталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду.
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Санжар Дыйканов Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитетинин делегациясы менен жолукту. Мекемеден билдиришкендей, анда Кыргызстандын ишкерлерине Кытайдын Гуйчжоу провинциясында өтө турган эл аралык көргөзмөгө катышуу жана жаңы бизнес-өнөктөштөрдү табуу мүмкүнчүлүгү сунушталды. Белгиленгендей, 2027-жылдын сентябрында өтө турган көргөзмөгө Кытайдын 34 провинциясынын өкүлдөрү катышат. Кыргыз компаниялары алкоголдук ичимдиктерден башка өз продукцияларын сунуштай алышат. Ошондой эле энергетика, курулуш, трансформатор өндүрүү жана шаар куруу тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн Гуйчжоу провинциясына бизнес-сапар уюштуруу сунушталды.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун айтымында, европалыктарга залакасы тийбегенден кийин алар согушту улантып жатышат. Ал Евробиримдиктин жакында өткөн саммитинде тынчтык тууралуу эч ким сөз кылбаганын белгилеген. “Тынчтык орнотуу боюнча европалыктардан эч кандай демилге болбой жатат”, — деген Фицо. Словакиянын өкмөт башчысы Евробиримдик уланып жаткан жаңжалдын чыгымдарын төлөп берүү менен гана алектенип жатканын кошумчалаган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эртең, 19-октябрда, Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Тараптар актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашат. Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун келечеги каралат.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов министрлер кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы учурдагы демографиялык кырдаалды, өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн демографиялык саясаттын стратегиялык маанисин белгилеп, бул багыттагы максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган аракеттерин талап кыларын белгиледи. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга, жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, анын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле аныкталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду. Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Санжар Дыйканов Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитетинин делегациясы менен жолукту. Мекемеден билдиришкендей, анда Кыргызстандын ишкерлерине Кытайдын Гуйчжоу провинциясында өтө турган эл аралык көргөзмөгө катышуу жана жаңы бизнес-өнөктөштөрдү табуу мүмкүнчүлүгү сунушталды. Белгиленгендей, 2027-жылдын сентябрында өтө турган көргөзмөгө Кытайдын 34 провинциясынын өкүлдөрү катышат. Кыргыз компаниялары алкоголдук ичимдиктерден башка өз продукцияларын сунуштай алышат. Ошондой эле энергетика, курулуш, трансформатор өндүрүү жана шаар куруу тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн Гуйчжоу провинциясына бизнес-сапар уюштуруу сунушталды. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун айтымында, европалыктарга залакасы тийбегенден кийин алар согушту улантып жатышат. Ал Евробиримдиктин жакында өткөн саммитинде тынчтык тууралуу эч ким сөз кылбаганын белгилеген. “Тынчтык орнотуу боюнча европалыктардан эч кандай демилге болбой жатат”, — деген Фицо. Словакиянын өкмөт башчысы Евробиримдик уланып жаткан жаңжалдын чыгымдарын төлөп берүү менен гана алектенип жатканын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104366161_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_50cb30e69e13e23d4a2bdc3748237f52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио