https://sputnik.kg/20261018/1104360469.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ош калаасындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T11:00+0600
2026-10-18T11:00+0600
2026-10-18T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104360303_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a2e4d49b70a1be40773d1a8099653995.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ош калаасындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор С. Жусуев, Курманжан датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Достук" айлампасында ишке ашырылат. Курулуштун алкагында жол түйүнү, төрт пандус, сегиз тепкич, жер алдындагы өтмөк жана айланма жолдор курулат. Жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланат. "Бул эң мыкты долбоорлорубуздун бири болот. 1-майга бүтүрүү талабын коюп жатам, бирок шашып, сапатсыз куруп салбашыбыз керек", — деди иш-чарага катышкан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев.
Бүгүн түнү дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты. Ырчынын сапары анын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour аттуу дүйнөлүк гастролунун алкагында уюштурулууда. “Манас” эл аралык аэропортунан жылдызды президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жана Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алышты. Бүгүн, 18-октябрда саат 19:00дө жаңы “Бишкек Арена” стадионунда Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти өтөт. Көрүүчүлөр үчүн өзгөчө шоу-программа тартууланып, анда белгилүү хит ырлар аткарылат. Уюштуруучулар бул маданий иш-чара Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө жана өлкөнүн эл аралык имиджинин бекемделишине чоң салым кошорун белгилешет.
Бишкекте Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышы Манас” эл аралык аэропортунун аймагында өтүүдө. Иш-чарага 6 миңдей катышуучу кошулуп, алар 5, 14, 21,1 жана 42 чакырым аралыктарында күч сынашууда. Жарыштын башкы максаты — адамдарды спорт аркылуу бириктирүү, ошондой эле ак илбирсти жана анын байырлаган табигый чөйрөсүн сактап калууга көмөктөшүү.
Германиянын жарандары "Түндүк агым" газ түтүктөрү жардырылгандан кийин да өлкө Украинага каржылык жана аскердик жардам көрсөтүүнү улантып жатканына нааразы. Бул тууралуу венгриялык саясий эксперт Георг Шпетле РИА Новости агенттигине билдирген. Шаршемби күнү Гамбургдун Жогорку жер соту "Түндүк агым" газ түтүктөрүн жардырууну уюштурууга айыпталган украиналык Сергей Кузнецовдун иши боюнча алгачкы отурумун өткөрдү. Германиянын ТИМ жетекчиси Йоханн Вадефуль соттук териштирүүнүн жыйынтыгы Украинага карата саясий чечимдерди кабыл алууда эске алынарын билдирген. Шпетленин айтымында, Германия дээрлик жума сайын Украинага дагы бир нече миллион евро бөлүп, мындан тышкары АКШдан курал-жарак сатып алууда. Анын пикиринде, Украина Германиянын экономикасына жана энергетикалык камсыздоосуна олуттуу зыян келтиргенине карабастан, Берлиндин Киевге карата саясаты өзгөргөн жок. Эксперттин белгилешинче, Германиянын экономикасы оор абалда турат. Ошондуктан өлкөнүн жарандары бөлүнгөн каражаттарды Германиянын өз экономикасын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын сактап калууга жумшоо керек деп эсептешет.
Ош калаасындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор С. Жусуев, Курманжан датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Достук" айлампасында ишке ашырылат. Курулуштун алкагында жол түйүнү, төрт пандус, сегиз тепкич, жер алдындагы өтмөк жана айланма жолдор курулат. Жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланат. "Бул эң мыкты долбоорлорубуздун бири болот. 1-майга бүтүрүү талабын коюп жатам, бирок шашып, сапатсыз куруп салбашыбыз керек", — деди иш-чарага катышкан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев. Бүгүн түнү дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты. Ырчынын сапары анын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour аттуу дүйнөлүк гастролунун алкагында уюштурулууда. “Манас” эл аралык аэропортунан жылдызды президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жана Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алышты. Бүгүн, 18-октябрда саат 19:00дө жаңы “Бишкек Арена” стадионунда Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти өтөт. Көрүүчүлөр үчүн өзгөчө шоу-программа тартууланып, анда белгилүү хит ырлар аткарылат. Уюштуруучулар бул маданий иш-чара Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө жана өлкөнүн эл аралык имиджинин бекемделишине чоң салым кошорун белгилешет.Бишкекте Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышы Манас” эл аралык аэропортунун аймагында өтүүдө. Иш-чарага 6 миңдей катышуучу кошулуп, алар 5, 14, 21,1 жана 42 чакырым аралыктарында күч сынашууда. Жарыштын башкы максаты — адамдарды спорт аркылуу бириктирүү, ошондой эле ак илбирсти жана анын байырлаган табигый чөйрөсүн сактап калууга көмөктөшүү. Германиянын жарандары "Түндүк агым" газ түтүктөрү жардырылгандан кийин да өлкө Украинага каржылык жана аскердик жардам көрсөтүүнү улантып жатканына нааразы. Бул тууралуу венгриялык саясий эксперт Георг Шпетле РИА Новости агенттигине билдирген. Шаршемби күнү Гамбургдун Жогорку жер соту "Түндүк агым" газ түтүктөрүн жардырууну уюштурууга айыпталган украиналык Сергей Кузнецовдун иши боюнча алгачкы отурумун өткөрдү. Германиянын ТИМ жетекчиси Йоханн Вадефуль соттук териштирүүнүн жыйынтыгы Украинага карата саясий чечимдерди кабыл алууда эске алынарын билдирген. Шпетленин айтымында, Германия дээрлик жума сайын Украинага дагы бир нече миллион евро бөлүп, мындан тышкары АКШдан курал-жарак сатып алууда. Анын пикиринде, Украина Германиянын экономикасына жана энергетикалык камсыздоосуна олуттуу зыян келтиргенине карабастан, Берлиндин Киевге карата саясаты өзгөргөн жок. Эксперттин белгилешинче, Германиянын экономикасы оор абалда турат. Ошондуктан өлкөнүн жарандары бөлүнгөн каражаттарды Германиянын өз экономикасын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын сактап калууга жумшоо керек деп эсептешет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104360303_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_33873d7c2e5953929923ee14a5fe3ba7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио