https://sputnik.kg/20261018/1104358270.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T08:59+0600
2026-10-18T08:59+0600
2026-10-18T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104358104_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_525cf05b21848331c513e443312fc7c8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.Ага ылайык, 2025–2026-жылдары бул аймактарда 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмосу орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолу салынды.Иштер түздүктөрдө гана эмес, тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлгөн. Аталган иштерге катышкан жоокерлер жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери президенттин атынан сыйланышкан. Чек ара кызматын чыңдоонун алкагында акыркы жылдары аскердик жана атайын техникалар, байланыш жана байкоо каражаттары жаңыртылып, заманбап чек ара бекеттери курулуп жатканы да белгиленди.
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып жарандардын соттогу кызыкчылыгын коргогон юридикалык өкүлдөр үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мыйзам өлкөдөгү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Жаңы тартипке ылайык, сотто өкүл болууну каалаган юристтер жогорку юридикалык билимге, адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш стажына ээ болуп, 80 академиялык сааттан кем эмес атайын окуудан өтүшү керек. Ошондой эле алар Юридикалык өкүлдөрдүн бирдиктүү реестрине кирүүгө тийиш. Мыйзамда компаниялардын штаттык юристтери үчүн өзгөчөлүктөр каралган. Алар өз иш берүүчүлөрүнүн кызыкчылыгын сотто коргоону уланта алышат. Юристтер жетишсиз болгон аймактарда талаптарды убактылуу жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү да каралган.Реестрге кирүү үчүн окуудан өтүүнү каалаган юристтердин арыздары 2026-жылдын октябрынан тартып кабыл алына баштайт. Окуунун тартиби жана документтерди тапшыруу жол-жобосу боюнча кошумча маалымат берилет.
Бишкекте 23-25-октябрь күндөрү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин уюштуруу-координация бөлүмүнүн башчысы Исхак Анарбеков билдирди. Анын айтымында, иш-чараларга 300дөн ашык катышуучу, анын ичинде 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана жана 200дөн ашык фермердик чарба катышат. Көргөзмө алты багытты камтыйт. Алар: инновациялар, илим жана санариптештирүү; айыл чарба техникалары; асыл тукум мал чарбачылыгы; органикалык продукциялар; элдик кол өнөрчүлүк; азык-түлүк жарманкеси.
7–9-ноябрда Ош шаарында II Эл аралык илимий-популярдык жана агартуучулук "Сулайман-Тоо" кинофестивалы өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде өтө турган фестиваль Кыргыз Республикасынын баатыры, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат. Иш-чаранын негизги максаты — илимди, билимди, маданиятты жана искусствону кинематография аркылуу жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо. Фестивалдын прогр
Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.Ага ылайык, 2025–2026-жылдары бул аймактарда 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмосу орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолу салынды.Иштер түздүктөрдө гана эмес, тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлгөн. Аталган иштерге катышкан жоокерлер жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери президенттин атынан сыйланышкан. Чек ара кызматын чыңдоонун алкагында акыркы жылдары аскердик жана атайын техникалар, байланыш жана байкоо каражаттары жаңыртылып, заманбап чек ара бекеттери курулуп жатканы да белгиленди. Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып жарандардын соттогу кызыкчылыгын коргогон юридикалык өкүлдөр үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мыйзам өлкөдөгү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Жаңы тартипке ылайык, сотто өкүл болууну каалаган юристтер жогорку юридикалык билимге, адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш стажына ээ болуп, 80 академиялык сааттан кем эмес атайын окуудан өтүшү керек. Ошондой эле алар Юридикалык өкүлдөрдүн бирдиктүү реестрине кирүүгө тийиш. Мыйзамда компаниялардын штаттык юристтери үчүн өзгөчөлүктөр каралган. Алар өз иш берүүчүлөрүнүн кызыкчылыгын сотто коргоону уланта алышат. Юристтер жетишсиз болгон аймактарда талаптарды убактылуу жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү да каралган.Реестрге кирүү үчүн окуудан өтүүнү каалаган юристтердин арыздары 2026-жылдын октябрынан тартып кабыл алына баштайт. Окуунун тартиби жана документтерди тапшыруу жол-жобосу боюнча кошумча маалымат берилет.Бишкекте 23-25-октябрь күндөрү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин уюштуруу-координация бөлүмүнүн башчысы Исхак Анарбеков билдирди. Анын айтымында, иш-чараларга 300дөн ашык катышуучу, анын ичинде 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана жана 200дөн ашык фермердик чарба катышат. Көргөзмө алты багытты камтыйт. Алар: инновациялар, илим жана санариптештирүү; айыл чарба техникалары; асыл тукум мал чарбачылыгы; органикалык продукциялар; элдик кол өнөрчүлүк; азык-түлүк жарманкеси.7–9-ноябрда Ош шаарында II Эл аралык илимий-популярдык жана агартуучулук "Сулайман-Тоо" кинофестивалы өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде өтө турган фестиваль Кыргыз Республикасынын баатыры, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат. Иш-чаранын негизги максаты — илимди, билимди, маданиятты жана искусствону кинематография аркылуу жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо. Фестивалдын прогр
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104358104_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fbc16a574fdfee717349221f7c243bd3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио