Браконьерлик үчүн салынган айып пулдун 50 пайызы маалымдагандарга берилет
11:04 16.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 16.10.2026)
Браконьерлик үчүн салынган айып пулдун 50 пайызы маалымдагандарга берилет
Жазылуу
Коноктор
Дерсуу Акпаралыев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары башкармалыгынын башкы адиси
Кыргызстанда аңчылык мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жана тиешелүү уруксат берилген жерлерде гана жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев билдирди.Министрликтин маалыматына ылайык, аңчылыкка чыккан жарандар жаныбарлардын түрүнө жараша белгиленген мөөнөттөрдү, уруксат берилген аймактарды жана олжо алуунун чектерин сактоого тийиш. Аңчы күбөлүгүнүн болушу эле жетишсиз, мыйзамдуу аңчылык үчүн тиешелүү уруксат берүүчү документтер да талап кылынат.“Аңчылыктын мөөнөттөрү жаныбарлардын түрүнө жана алардын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша айырмаланат. Азыркы учурда ача туяк жаныбарларга август айынын үчүнчү ишембисинен декабрь айынын экинчи жекшембисине чейин аңчылык кылууга уруксат берилет. Ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында аңчылык жүргүзүүгө, ошондой эле аңчылык учурунда жаныбарларды массалык түрдө жок кылуучу химиялык, жардыруучу жана ууландыруучу заттарды колдонууга тыюу салынат. Эрежелерди бузган адамдарга карата административдик же кылмыш жоопкерчилиги колдонулушу мүмкүн. Ал эми мыйзамсыз аңчылыктын кесепетинен жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу талап кылынат.Браконьерлик жапайы жаныбарлардын санына жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө коркунуч жараткан көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Айрыкча Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз атуу жаратылышка олуттуу зыян келтирет. Мындай мыйзам бузууларга каршы күрөшүү максатында атайын посттор жана фотокапкандар орнотулган. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар браконьерлик фактыларына күбө болушса же тиешелүү далилдери болсо, Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу үчүн салынган айып пулдун 50 пайызын маалымат берген жаранга беребиз. Бул карапайым калктын жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилесин стимулдаштыруу максатында берилген сыйлык,” - деди Акпаралыев.Министрлик аңчылыкка кызыккан жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого, уруксат берилбеген аймактарда аңчылык кылбоого жана браконьерлик фактылары тууралуу тиешелүү органдарга билдирүүгө чакырат.