Майрамдык көк бөрү турнирин Таластын "Ынтымак" командасы утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековФинальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке
Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирдин жыйынтыгы менен биринчи орунду алган "Ынтымак" командасы 350 миң сом, "Достук" командасы 250 миң жана үчүнчүлүктү камсыздаган Сокулуктун командасы 150 миң сомго ээ болду.

БИШКЕК, 21-Мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү оюунунда Таластын "Ынтымак" командасы чемпион аталды.

Оюн Бишкек шаарындагы Ак-кула ат майданында өтүп, Таластын "Ынтымак" жана Оштун "Достук" командалары финалда беттешкен. Бүйүр кызыткан оюн акырына чейин кызыктуу өттү.

Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тай казанга ыргытылган улактар. Көкбөрүчүлөрдүн кармашы
Беттештин биринчи бөлүгү 7:5 эсебинде жыйынтыкталып, Оштун "Достук" командасы эки упай менен алдыга чыккан. Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп 7:7 болуп тең чыгып, дагы кошумча 10 мүнөт берилди. Андагы кыл чайнашта Таластын оюнчулары 8:7 эсебинде биринчиликти камсыздаса, Оштун "Достук" командасы экинчи орунду алды. Ал эми Сокулуктун командасы 3-орунду ээледи.

Жыйынтыгында "Ынтымак" командасына 350 миң сом, "Достук" командасы 250 миң жана Сокулуктун оюнчуларына 150 миң сом тапшырылды.

Андан сырткары, " Мыкты ат" наамын "Ахилес" жылкысы алып 10 миң сомго ээ болду. "Мыкты оюнчу" наамы "Достук" командасынын оюнчусу Аскат Аскаровго берилди.

Кошумчалай кетсек аталган мелдешке өлкө боюнча 12 команда катышып, жалпы байге фонду 1 миллион 135 миң сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0