00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
До гемодиализа: как Кыргызстан хочет изменить подход к лечению болезней почек?
10:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Если разобраться...
Запустили, потратили, закрыли. А что получилось?
12:06
24 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия жана Азербайжан үчүн "бир саякат — бир нече өлкө" принциби боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Эске салсак, бүгүн Жапаров Түркмөнстанда Борбор Азия жана Азербайжан лидерлеринин жолугушуусуна катышууда. Анын айтымында, аймактагы өлкөлөр бири-бирин толуктаган туристтик потенциалга ээ. "Тарыхый шаарлар, тоолуу жана Каспий жээгиндеги каттамдар, бай маданий мурас Борбор Азия менен Азербайжанды саякат үчүн жагымдуу багыт катары илгерилетүүгө, күч-аракетти бириктирүүгө мүмкүндүк берет", — деди өлкө башчы. Жапаров ошондой эле Кыргызстандын бирдиктүү туристтик виза киргизүү демилгесин колдоого чакырды.
Мектептерде буллинг жана кибербуллингди аныктоо, токтотуу жана жабыркаган окуучуларды коргоо боюнча жаңы тартип киргизүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга буллинг жана кибербуллинг түшүнүктөрүн киргизүү каралган. Буллинг деп окуучуга атайылап жана кайра-кайра психологиялык басым жасоо, денесине зыян келтирүү, ал эми кибербуллинг деп мындай аракеттерди интернет жана башка санариптик каражаттар аркылуу жасоо түшүндүрүлөт. Долбоорго ылайык, буллинг боюнча арыз түшсө мектеп аны ошол эле күнү каттап, кийинки иш күнүнө чейин баштапкы баалоо жүргүзүшү керек. Ишти беш жумуш күндүн ичинде карап чыгуу сунушталууда. Балдарды басым жасабай, коркутуп-үркүтпөй угуу, зарыл учурда психолог менен социалдык педагогду тартуу каралган. Эгер окуучунун өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч болсо, мектеп тиешелүү учурда дарыгерлерге же милицияга кайрылууга тийиш. Ошондой эле жабыркаган баланы таарынткан тарап менен элдешүүгө мажбурлоого тыюу салынат. Элдешүү баланын коопсуздугу эске алынып, эки тараптын ыктыяры менен гана жүргүзүлүшү керек.
Быйыл чет жерде окуган 26 кыргызстандыкка президенттин "Эл үмүтү" стипендиясы берилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, алардын 14ү быйыл окуусун баштаса, 12си экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат. Мамлекеттик колдоого илингендер дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча билим алышат. Алардын арасында Гарвард, Оксфорд, Кембридж, Стэнфорд, Колумбия, Чикаго, Эдинбург жана Калифорния университеттеринде окуй турган кыргызстандыктар бар. Стипендия магистратура жана PhD докторантурасы үчүн дүйнөнүн алдыңкы 100 окуу жайына кирген университетке өткөндөргө берилип, президенттин фондунан каржыланат. Стипендиаттарды атайын комиссия тандайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0