https://sputnik.kg/20261009/1104187589.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдөАКШда аскер кызматкеринин өлүм жазасы түз эфирде көрсөтүлөтСадыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T13:00+0600
2026-10-09T13:00+0600
2026-10-09T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104187423_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2434b5d5bd190bb3c89b2087297d5036.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдөАКШда аскер кызматкеринин өлүм жазасы түз эфирде көрсөтүлөтСадыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда. Иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчылары саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү. Аземге ошондой эле Азербайжан президенти Илхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты. Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатканын билдирди. Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулууларга, 65 жаштан жогоркуларга, кош бойлууларга, көп ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине сунушталат. Эмдөөнү үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз, ал эми Бишкектеги жеке клиникалардан 850 сомдон баштап алууга болот. Ошондой эле бейтапканаларда КРВИ белгилери байкалган балдардын ата-энелерине аралыктан кеңеш берүү үчүн атайын колл-борборлор уюштурулду.
Кыргызстанда автоунаа ээлерине милдеттүү камсыздандырууну ислам принциптерине негизделген такафул аркылуу өтөөгө жол ачуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ кабыл алынса, айдоочулар жол кырсыгында үчүнчү тарапка келтирилген зыяндын ордун толтурууну кадимки камсыздандыруу (ОСАГО) менен катар такафул аркылуу да камсыздай алышат. Мында такафул келишими мыйзам талаптарына ылайык таанылышы шарт. Сунушка ылайык, автоунааны өзүнө каттаткан жаран беш күндүн ичинде милдеттүү камсыздандыруу полисин же такафул боюнча тиешелүү документти алууга тийиш. Такафул — ислам эрежелерине негизделген өз ара жардамдашуу тутуму. Анын катышуучулары атайын фондго каражат топтоп, кырсык же башка камсыздандыруу жагдайы жаралган учурда келтирилген чыгымдын ордун толтурууга көмөктөшүшөт. Бул кадимки камсыздандыруунун эле аналогу, бирок шарият эрежелерине ылайык иштейт.
2009-жылы Техастагы Форт-Худ аскердик базасында 13 кызматташын атып өлтүргөн АКШ армиясынын мурдагы аскер кызматкери Нидал Малик Хасандын өлүм жазасын ачык өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет билдирди. Маалымат каражаттарынын кабарлашынча, өкүмдү атуу аркылуу аткаруу 3-декабрга белгиленген. Бул АКШ аскерлери арасында акыркы 81 жылдан берки атуу жолу менен ишке ашырылган биринчи өлүм жазасы болот.Кийинчерээк Пентагон жетекчиси өлүм жазасын түз эфирде көрсөтүү ниети бар экенин кошумчалады. Белгилей кетсек, америкалык аскер кызматкери акыркы жолу 1945-жылдын 31-январында Францияда согуштан качканы үчүн атылган. Ал эми Өлүм жазасы боюнча маалымат борборунун билдиришинче, АКШнын жарандык сотторунда атуу ыкмасы мурда да колдонулуп келген, мындай акыркы окуя 2025-жылы катталган. Уюмдун маалыматы боюнча, башка ыкмалардан айырмаланып, атуу ыкмасында процедуранын үзгүлтүккө учуроо көрсөткүчү дээрлик нөлгө барабар.
Кыргызстанда сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдөАКШда аскер кызматкеринин өлүм жазасы түз эфирде көрсөтүлөтСадыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда. Иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчылары саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү. Аземге ошондой эле Азербайжан президенти Илхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты. Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатканын билдирди. Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулууларга, 65 жаштан жогоркуларга, кош бойлууларга, көп ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине сунушталат. Эмдөөнү үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз, ал эми Бишкектеги жеке клиникалардан 850 сомдон баштап алууга болот. Ошондой эле бейтапканаларда КРВИ белгилери байкалган балдардын ата-энелерине аралыктан кеңеш берүү үчүн атайын колл-борборлор уюштурулду. Кыргызстанда автоунаа ээлерине милдеттүү камсыздандырууну ислам принциптерине негизделген такафул аркылуу өтөөгө жол ачуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ кабыл алынса, айдоочулар жол кырсыгында үчүнчү тарапка келтирилген зыяндын ордун толтурууну кадимки камсыздандыруу (ОСАГО) менен катар такафул аркылуу да камсыздай алышат. Мында такафул келишими мыйзам талаптарына ылайык таанылышы шарт. Сунушка ылайык, автоунааны өзүнө каттаткан жаран беш күндүн ичинде милдеттүү камсыздандыруу полисин же такафул боюнча тиешелүү документти алууга тийиш. Такафул — ислам эрежелерине негизделген өз ара жардамдашуу тутуму. Анын катышуучулары атайын фондго каражат топтоп, кырсык же башка камсыздандыруу жагдайы жаралган учурда келтирилген чыгымдын ордун толтурууга көмөктөшүшөт. Бул кадимки камсыздандыруунун эле аналогу, бирок шарият эрежелерине ылайык иштейт. 2009-жылы Техастагы Форт-Худ аскердик базасында 13 кызматташын атып өлтүргөн АКШ армиясынын мурдагы аскер кызматкери Нидал Малик Хасандын өлүм жазасын ачык өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет билдирди. Маалымат каражаттарынын кабарлашынча, өкүмдү атуу аркылуу аткаруу 3-декабрга белгиленген. Бул АКШ аскерлери арасында акыркы 81 жылдан берки атуу жолу менен ишке ашырылган биринчи өлүм жазасы болот.Кийинчерээк Пентагон жетекчиси өлүм жазасын түз эфирде көрсөтүү ниети бар экенин кошумчалады. Белгилей кетсек, америкалык аскер кызматкери акыркы жолу 1945-жылдын 31-январында Францияда согуштан качканы үчүн атылган. Ал эми Өлүм жазасы боюнча маалымат борборунун билдиришинче, АКШнын жарандык сотторунда атуу ыкмасы мурда да колдонулуп келген, мындай акыркы окуя 2025-жылы катталган. Уюмдун маалыматы боюнча, башка ыкмалардан айырмаланып, атуу ыкмасында процедуранын үзгүлтүккө учуроо көрсөткүчү дээрлик нөлгө барабар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104187423_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1312630c7ca7d3e7e28be78097d42f5a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио