Оюн Бишкек шаарындагы Ак-кула ат майданында өттү. Жыйынтыгында "Ынтымак" командасына 350 миң сом, "Достук" командасы 250 миң жана Сокулуктун оюнчуларына 150 миң сом тапшырылды.
Андан сырткары эр эӊиш, кунан чабыш, жорго салыш өңдүү бир катар ат оюндары дагы уюштурулду. Жалпы аталган мелдештин байге фонду 1 миллион 135 миң сомду түздү.

Нооруз майрамына карата уюштурулган ат оюндары 21-мартта Бишкектеги Ак-кула ат майданында өттү

Шамал менен жарышкан аргымактар

Баш байге. Кубок жана автоунаа

Ат оюндарын көрүүгө келгендер

Жигиттер шамдагайлыгын дагы көрсөтүштү

Кыз куумай

Бука моюн буура сан улакчылар

Чыныгы улак тартыш

Тай казанга жакындаганда. Көз ирмемдерден кийин бир упай болот

Ураа, упай

Улакты ыргыткандан кийинки маанай

Намысты колдон чыгарбаганга аракет кылган оюнчулар аягына чейин күрөштү

Көк бөрү учурундагы көз ирмем

Улакты жерден эңип алуу оңой эмес

Камчыны оозго тиштеген оюнчу улакты тай казанга ыргытты

Таластын "Ынтымак" командасы 8:7 эсебинде жеңишке жетти
