https://sputnik.kg/20261009/1104193148.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде мигранттарга пенсия чектөө боюнча электрондук маалымат алмашуу башталдыПутин КМШ өлкөлөрүн соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырдыӨкмөт көмүрдүн баасы... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T15:00+0600
2026-10-09T15:00+0600
2026-10-09T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104192981_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_993871c0dcf1a6e082eb1d985dee3381.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде мигранттарга пенсия чектөө боюнча электрондук маалымат алмашуу башталдыПутин КМШ өлкөлөрүн соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырдыӨкмөт көмүрдүн баасы көтөрүлбөшү үчүн долбоор иштеп чыкты
"Кыргызкөмүргө" дизель майынын бир литрин 92 сом 85 тыйындан жеткирүү жана баанын айырмасын мамлекеттик бюджеттен субсидиялоо механизми сунушталууда. Экономика министрлиги демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, дизель майынын иш жүзүндөгү наркы менен белгиленген сатуу баасынын ортосундагы негиздүү айырма жеткирүүчү компанияга субсидия түрүндө төлөнөт. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы субсидия алуучулардын эсеп-кысаптарын кошумча текшерип, төлөмдүн өлчөмүн өзгөртүү боюнча сунуш киргизе алат. Долбоор көмүрдүн баасынын өсүү тобокелдигин азайтууга жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө эмгек мигранттарына пенсия чектөө жана төлөө үчүн керектүү маалыматтарды электрондук форматта алмашуу башталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын консультативдик комитетинин жыйынында белгилүү болду. Ошондой эле жыйында эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн барган өлкөсүндө медициналык жардам алуусун жеңилдетүү боюнча сунуштар талкууланды. Жыйынтыгында катышуучулар пенсиялык камсыздоо жаатында электрондук маалымат алмашууну кеңейтүү жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.
Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводунда масштабдуу модернизациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын инспектору Уларбек Кудайбергенов билдирди. Ал белгилегендей, ишканада толук реконструкциялоо иштери башталды. Анын алкагында мунай продуктуларын куюу участогу да жаңыланат. Ал эми модернизациялоо иштери 2027-жылдын апрелине чейин аяктоо пландалган. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Расул Жусуповдун айтымында, ишкана экологиялык экспертизадан өткөн жана бардык зарыл документтери бар. Ошондой эле санитардык-коргоо зоналарынын талаптары сакталган. Ал буга чейин тургундардын абанын булганышы жана жагымсыз жыт боюнча арыздарынан улам завод текшерилгенин билдирди. Анын жыйынтыгында эки айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилген.
Энергетика министрлиги 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын жаңылоо иштерин жигердүү жүргүзүүдө. Ведомстводон белгилешкендей, "Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында өлкөгө 252 жаңы күч трансформатору алынып келди. Аларды орнотуу иштерин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы ишке ашырат.Жаңы жабдуулар 25 жылга чейин кызмат кылууга эсептелген. Алар кышкы эң жогорку жүктөмдө ашыкча жүктөлүүнү азайтып, кошумча кубаттуулук резервин түзөт. Ошондой эле, жаңы керектөөчүлөрдү тармакка тоскоолдуксуз кошууга шарт түзөт. Инфраструктураны модернизациялоо — калкты үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоону көздөйт.
Соодадагы тоскоолдуктар алып салынса, КМШ алкагында кыйла чоң ийгиликтерге жетүүгө болот. Ал эми айрым өлкөлөрдүн өз алдынча киргизген чектөөлөрү шериктештиктеги сооданын өнүгүшүн басаңдатууда. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин КМШ лидерлеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусунда билдирди. Путиндин айтымында, мамлекет башчылары иш жүзүндө бир топ аракеттерди көрүп жатышат. Бирок айрым учурларда улуттук деңгээлде чектөөлөр киргизилип келет. "Өнүгүү ыргагын өзүбүз эле басаңдатып жатабыз", — деди президент.
ЕАЭБде мигранттарга пенсия чектөө боюнча электрондук маалымат алмашуу башталдыПутин КМШ өлкөлөрүн соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырдыӨкмөт көмүрдүн баасы көтөрүлбөшү үчүн долбоор иштеп чыкты "Кыргызкөмүргө" дизель майынын бир литрин 92 сом 85 тыйындан жеткирүү жана баанын айырмасын мамлекеттик бюджеттен субсидиялоо механизми сунушталууда. Экономика министрлиги демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, дизель майынын иш жүзүндөгү наркы менен белгиленген сатуу баасынын ортосундагы негиздүү айырма жеткирүүчү компанияга субсидия түрүндө төлөнөт. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы субсидия алуучулардын эсеп-кысаптарын кошумча текшерип, төлөмдүн өлчөмүн өзгөртүү боюнча сунуш киргизе алат. Долбоор көмүрдүн баасынын өсүү тобокелдигин азайтууга жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө эмгек мигранттарына пенсия чектөө жана төлөө үчүн керектүү маалыматтарды электрондук форматта алмашуу башталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын консультативдик комитетинин жыйынында белгилүү болду. Ошондой эле жыйында эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн барган өлкөсүндө медициналык жардам алуусун жеңилдетүү боюнча сунуштар талкууланды. Жыйынтыгында катышуучулар пенсиялык камсыздоо жаатында электрондук маалымат алмашууну кеңейтүү жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты. Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводунда масштабдуу модернизациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын инспектору Уларбек Кудайбергенов билдирди. Ал белгилегендей, ишканада толук реконструкциялоо иштери башталды. Анын алкагында мунай продуктуларын куюу участогу да жаңыланат. Ал эми модернизациялоо иштери 2027-жылдын апрелине чейин аяктоо пландалган. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Расул Жусуповдун айтымында, ишкана экологиялык экспертизадан өткөн жана бардык зарыл документтери бар. Ошондой эле санитардык-коргоо зоналарынын талаптары сакталган. Ал буга чейин тургундардын абанын булганышы жана жагымсыз жыт боюнча арыздарынан улам завод текшерилгенин билдирди. Анын жыйынтыгында эки айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилген.Энергетика министрлиги 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын жаңылоо иштерин жигердүү жүргүзүүдө. Ведомстводон белгилешкендей, "Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында өлкөгө 252 жаңы күч трансформатору алынып келди. Аларды орнотуу иштерин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы ишке ашырат.Жаңы жабдуулар 25 жылга чейин кызмат кылууга эсептелген. Алар кышкы эң жогорку жүктөмдө ашыкча жүктөлүүнү азайтып, кошумча кубаттуулук резервин түзөт. Ошондой эле, жаңы керектөөчүлөрдү тармакка тоскоолдуксуз кошууга шарт түзөт. Инфраструктураны модернизациялоо — калкты үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоону көздөйт. Соодадагы тоскоолдуктар алып салынса, КМШ алкагында кыйла чоң ийгиликтерге жетүүгө болот. Ал эми айрым өлкөлөрдүн өз алдынча киргизген чектөөлөрү шериктештиктеги сооданын өнүгүшүн басаңдатууда. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин КМШ лидерлеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусунда билдирди. Путиндин айтымында, мамлекет башчылары иш жүзүндө бир топ аракеттерди көрүп жатышат. Бирок айрым учурларда улуттук деңгээлде чектөөлөр киргизилип келет. "Өнүгүү ыргагын өзүбүз эле басаңдатып жатабыз", — деди президент.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104192981_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5c88352ee03886f74ad09eb0e37b5dfe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио