https://sputnik.kg/20261009/1104193435.html
Педиатр-эндокринолог: балдар кант диабети менен төрөлүүдө
Педиатр-эндокринолог: балдар кант диабети менен төрөлүүдө
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, балада кант диабетинин алгачкы белгилерине сууну көп ичүү, бат-баттан заара кылуу, себепсиз арыктоо, алсыздык жана тез чарчоо кирет. Айрым... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T15:04+0600
2026-10-09T15:04+0600
2026-10-09T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104193265_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_14879b5a3fbf58d82c02b948f5324d41.jpg
Педиатр-эндокринолог: балдар кант диабети менен төрөлүүдө
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, балада кант диабетинин алгачкы белгилерине сууну көп ичүү, бат-баттан заара кылуу, себепсиз арыктоо, алсыздык жана тез чарчоо кирет. Айрым учурларда табиттин өзгөрүшү, уйкучулдук жана баланын жалпы абалынын начарлашы да байкалышы мүмкүн. Мындай белгилерди өз алдынча диагноздоп, кайдыгер карап, жөнөкөй чарчоо катары кабыл албастан дарыгерге кайрылуу зарыл.
“Балдардагы кант диабетинин эң кеңири тараган түрү 1-типтеги диабет. Анын пайда болушу туура эмес тамактануу же таттууну көп жегендик менен гана байланыштуу эмес. Оорунун өнүгүшүнө иммундук жана тукум куучулук факторлор сыяктуу бир нече себеп таасир этиши мүмкүн. Ал эми ашыкча салмак, туура эмес тамактануу жана кыймылдын аздыгы 2-типтеги кант диабетинин коркунучун жогорулатат. Кант диабети өз убагында аныкталбай калган учурда баланын абалы тез начарлап кетиши мүмкүн. Айрыкча катуу суусоо, көп заара кылуу менен бирге кусуу, ичтин оорушу, дем алуунун өзгөрүшү жана ооздон өзгөчө жыттын чыгышы сыяктуу белгилер пайда болсо, тез арада медициналык жардамга кайрылуу керек. Ал эми кант диабети аныкталган бала туура дарылоо жана үзгүлтүксүз медициналык көзөмөл менен мектепке барып, спорт менен машыгып, активдүү жашоо образын уланта алат. Баланын тамактануусу, физикалык активдүүлүгү жана кандагы канттын деңгээли дарыгердин сунуштарына ылайык күнүнө 5-6 жолу көзөмөлдөнүшү керек,”- деди Абдылдаева.
Дарыгер ата-энелерди баланын ден соолугундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, өз алдынча дарылоо жүргүзбөөгө чакырып. Кант диабетин эрте аныктоо жана туура көзөмөлдөө оорунун татаалдашуусун алдын алаарын белгиледи.
Адистин айтымында, балада кант диабетинин алгачкы белгилерине сууну көп ичүү, бат-баттан заара кылуу, себепсиз арыктоо, алсыздык жана тез чарчоо кирет. Айрым учурларда табиттин өзгөрүшү, уйкучулдук жана баланын жалпы абалынын начарлашы да байкалышы мүмкүн. Мындай белгилерди өз алдынча диагноздоп, кайдыгер карап, жөнөкөй чарчоо катары кабыл албастан дарыгерге кайрылуу зарыл.“Балдардагы кант диабетинин эң кеңири тараган түрү 1-типтеги диабет. Анын пайда болушу туура эмес тамактануу же таттууну көп жегендик менен гана байланыштуу эмес. Оорунун өнүгүшүнө иммундук жана тукум куучулук факторлор сыяктуу бир нече себеп таасир этиши мүмкүн. Ал эми ашыкча салмак, туура эмес тамактануу жана кыймылдын аздыгы 2-типтеги кант диабетинин коркунучун жогорулатат. Кант диабети өз убагында аныкталбай калган учурда баланын абалы тез начарлап кетиши мүмкүн. Айрыкча катуу суусоо, көп заара кылуу менен бирге кусуу, ичтин оорушу, дем алуунун өзгөрүшү жана ооздон өзгөчө жыттын чыгышы сыяктуу белгилер пайда болсо, тез арада медициналык жардамга кайрылуу керек. Ал эми кант диабети аныкталган бала туура дарылоо жана үзгүлтүксүз медициналык көзөмөл менен мектепке барып, спорт менен машыгып, активдүү жашоо образын уланта алат. Баланын тамактануусу, физикалык активдүүлүгү жана кандагы канттын деңгээли дарыгердин сунуштарына ылайык күнүнө 5-6 жолу көзөмөлдөнүшү керек,”- деди Абдылдаева.Дарыгер ата-энелерди баланын ден соолугундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, өз алдынча дарылоо жүргүзбөөгө чакырып. Кант диабетин эрте аныктоо жана туура көзөмөлдөө оорунун татаалдашуусун алдын алаарын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104193265_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_118ddf2a05f8315f89f657eda945558f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Педиатр-эндокринолог: балдар кант диабети менен төрөлүүдө
15:04 09.10.2026 (Жаңыртылды: 15:16 09.10.2026) Коноктор
Алтынай Абдылдаева, педиатр-эндокринолог