Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү мыкты төрт балбандын катарына кирди

© Фото / Кабыл МакешовЧемпион Азии по женской борьбе Айсулуу Тыныбекова
Чемпион Азии по женской борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки рейтингде спортчу 5-орунду ээлеп келген. Эми анын ордуна Олимпиадада коло медаль алган Сакши Малик түшүп калды.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган рейтингинде бир сапка жогорулады. 

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Россиядагы эл аралык мелдеште алтын тагынды
Март айынын рейтинги уюмдун расмий сайтына жарыяланып, ал Куба, Швеция, Болгария, Латвия жана Украинада өткөн эл аралык мелдештердин жыйынтыгы менен түзүлгөн.

Буга чейинки рейтингде спортчу 5-орунду ээлеп келген. Тыныбекова Швецияда өткөн Klippan Lady Open 2017 турниринде жараатына карабай күмүш медаль алышы бир сапка өйдө жылууга өбөлгө болгон.

Биринчи орунду мурдагыдай эле Олимпиаданын жеңүүчүсү япониялык Каори Ичо ээлеп турат. Экинчиде россиялык Валерия Коблова-Жолобова турса, үчүнсү сапты тунистик спортчу Марве Амри ээледи. Төртүнчү орунда турган Сакши Малик бешинчи бир сапка ылдыйлап, анын ордуна Тыныбекова чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0