Айсулуу Тыныбекова Швециядагы мелдеште күмүш байгелүү болду

© © SputnikУчастница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова
Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирде Тыныбекова жаракат алып баш байге үчүн беттеше алган жок.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Щвецияда өткөн эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтына жарыяланды.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң мыкты беш балбандын катарына кирди
Маалыматка ылайык, 19-февралда эркин күрөш боюнча "Klippan Lady Open 2017" эл аралык турниринде Тыныбекова 58 килограмм салмак категориясында япониялык Юзури Кумано менен беттешип, аны 9:6 эсебинде утуп алган.

Андаң соң финалдык беттеште россиялык Валерия Коблова менен чыкмак, бирок алган жаракатына байланыштуу күрөшкө чыккан жок.

Кошумчалай кетсек, аталган турнирге Кыргызстандан алты балбан кыз катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0