15:54 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (252)
224 0 0

Министрлер кабинети калкты эмдөөнүн темпин жогорулатуу аракетин көрүүдө. Жергиликтүү бийлик органдарына жана Саламаттык сактоо министрлигине тапшырмалар берилди.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын башчыларына, облустардын жетекчилерине, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине борбордук жана мекемелик бөлүмдөрдүн мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерине коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү тез арада уюштуруу тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөргөн. Ал эмдөөнү тездетүүгө жана жарандарга вакцинаны алуу зарылдыгы тууралуу маалыматтарды көбүрөөк жеткирүүгө токтолгон.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылган:

  • калкты коронавируска каршы массалык эмдөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү процессине күн сайын мониторинг жүргүзүү, баалоо;
  • кыска мөөнөттө министрликтин сайтында жаңы бөлүмдөр иштелип чыгып, булар камтылышы керек: аймак, шаар жана район боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын реестрин телефон номер жана маалыматтар менен көрсөтүү; ушундай эле тартипте жеке медициналык мекемелердин жана лабораториялардын реестрин көрсөтүү; коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл алган ооруканалардын дареги жана бош орундар;
  • вакцинаны сактоо жана ташуу үчүн тийиштүү температуралык шарттарды камсыз кылуу;
  • үч күндүн ичинде вакцина алуу үчүн онлайн жазылууну жана эмделген жарандардын реестрин тереңдетип киргизүү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү-түнү эмдөө пунктуларында иштеген дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Облустардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине калкты массалык түрдө эмдөө маселесин жеке көзөмөлгө алуу тапшырылган.

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (252)

Тема боюнча

Аллергиясы барлар кайсы учурда коронавируска каршы эмделе албайт? Медиктин жообу
Бир суткада өлкөдө 18 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Көбү Ошто
Россияда эмделбеген кызматкерлер иштен четтетилиши мүмкүн
Белгилер:
Кыргызстан, мамлекеттик кызматкер, эмдөө, вакцина, милдет

ЭҢ МААНИЛҮҮ