21:59 16 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (256)
61 0 0

Тышкы иштер министрлиги кеп кайсы вакцина тууралуу болуп жатканын, препараттын санын жана качан алып келинерин айткан эмес.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Хорватия коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн жумада "Анталья дипломатиялык форумунун" алкагында министр Руслан Казакбаев Хорватиянын, Черногориянын, Румыниянын ТИМ башчылары Гордан Радман, Жордже Радулович жана Богдан Ауреску менен кезиккен.

Казакбаев европалык кесиптештерине өлкөдөгү ички саясий реформалар жөнүндө кыскача маалымат берип, ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанда өтө турган ЕБ — БA биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Европалык өнөктөштөр КРдин жаңы шайланган бийлигин жана өлкөдө жүрүп жаткан саясий реформаларды саясий жактан колдой тургандыктарын ырасташкан.

"Жолугушуулардын жыйынтыгында айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар саясаты, ошондой эле билим берүү жана илим жаатында өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоору тиешелүү тараптарга тапшырылды. Мындан тышкары, Хорватия тарап коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде кеп кайсы вакцина тууралуу болуп жатканы, алардын саны жана качан алып келинери айтылган эмес.

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (256)

Тема боюнча

Кыргызстанда 92 миңден ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды
Вице-мэр: Бишкекте жамаат менен коронавируска каршы эмделсе болот
Белгилер:
Кыргызстан, Хорватия, ТИМ, Руслан Казакбаев, вакцина, коронавирус, жолугушуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ