Сапар Исаков: абактан жети күнгө эле чыктым

Жазылуу
Түндө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду митингчилер Молдовановкадагы колониядан чыгарып Бишкекке алып келишкен.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан мыйзамдуу негизде чыкканын Координациялык кеңештин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди.

Ага "эркиндикке чыкканыңызды мыйзамдуу деп эсептейсизби?" деген суроо узатылды.

"Сот тийиштүү чечим чыгаргандан кийин гана мыйзамдуу деп эсептелет. Мен азыр соттун ордуна жооп бере албайм да. Жеке пикиримде, коомчулуктун ишенимине кирген соттор дайындалып ошолор ишти карашы керек. Бул өтө маанилүү. Мен үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү", — деди Исаков.

Буга журналисттер "эл сизге келгенде мен соттун чечими менен гана чыгам деп койсоңуз болот беле?" деген дагы бир тактоочу суроо узатышты.

"Мага мыйзамдуу түрдө бошотуп жатабыз деп түшүндүрүштү. Мыйзамдын чегинде жети күнгө эркиндикке чыктым. Мында эреже бузуу болгон жок", — деди мурдагы өкмөт башчы.

БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий жокко чыгарды

Белгилей кетсек, түндө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду митингчилер Молдовановкадагы колониядан чыгарып Бишкекке алып келишкен. Исаков Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык, 23-сентябрдан тарта жазасын ушул колонияда өтөп баштаган. 2018-жылдын жай айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып, кийин аны Петровка айылындагы №1 СИЗОго убактылуу которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0