Сексолог төшөк мамилесинин 9 артыкчылыгын санап берди

CC0 / Pixabay / stokpicКол кармашып турган түгөйлөр. Архив
Кол кармашып турган түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер белгилегендей, жакын байланышта болгон учурда организмдеги негизги антителолордун деңгээли жогорулап, вирустан коргоого жардам берет.

БИШКЕК, 18-cен. — Sputnik. Борбордук Европадагы Силезия медициналык университетинин кызматкери, сексолог Беата Врубель интимдик мамиленин эң маанилүү тогуз артыкчылыгын санап берди. Бул тууралуу РИА Новости Newsweek басылмасына шилтеме берип жазды.

Сексологдун айтымында, байма-бай жыныстык катнашта болуу адамдын дене боюна, психикалык абалына оң таасирин тийгизип, стресстен арылууга көмөктөшөт. Цюрих университетинин изилдөөсүнө ылайык, стресстин жаралышына таасир этүүчү кортизол гормону интимдик жашоосу активдүү адамдарда аз экени аныкталган.

Врубель белгилегендей, адамдын ышкысы жанып дүүлүккөндө сезимдер күчөйт, ошондуктан секс мамилени жөнгө салуунун, тереңдетүүнүн күчтүү куралы болуп саналат.

"Интимдик жакындашууда жылмаюу, эротикалык баарлашуу, укалоо, сылап-сыйпоо, эркелетүү жана башка адамга ырахат тартуулаган нерселер болот", — деген дарыгер.

Төшөк кумарын күчөтүп, бел кубатты чыңдай турчу азыктар аталды

Ошондой эле сексуалдык байланыш организмдеги негизги антителолордун деңгээлин жогорулатат. Пенсильвания штатындагы Уилкс университетинин изилдөөсүнө ылайык, жумасына бир жолу болгон жыныстык катнаш иммуноглобулин A (IgA) деңгээлин 30 пайызга көбөйтөт. Ал организмди вирустардан жана патогендик бактериялардан сактап, адамды инфекцияларга азыраак кабылуусуна шарт түзөт.

Секс учурунда ар кандай булчуңдар, анын ичинде жамбаш булчуңдары кыймылга келет. Бул аял-эркекте тең ич катууну алдын алып, табарсыктын бекем болушуна жардам берет.

Мындан тышкары, интимдик байланыш иммундук системаны чыңдап, жүрөккө жакшы таасирин тийгизип, калорияларды азайтууга жардам берет. Ошондой эле уйкунун сапатын жана мээнин иштешин жакшыртып, ар кандай ооруларды басаңдатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0