18:55 31 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2348)
114510

Коронавирустун экинчи толкуну кандай өтөт? Деги эле ушинтип атоонун өзү туурабы? Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган бул инфекциянын кайрадан кайталанышынын башкы себептери эмнеде? Кыргызстандыктар эмнелерге даяр турушу керек? Айтор суроо көп.

Соңку учурда элди түйшөлткөн ушул жана башка суроолорубузга Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов жооп берди.

Вирус табиятынан бир клеткалуу жандыктардан да жөнөкөй болгон зат. Бирок ага карабай ушул убакытка чейин бир дагы вирустук ооруларга түз таасир берүүчү дары ойлоп табыла элек деген окумуштуу COVID-19 тууралуу көптөгөн кызыктарды айтып берди. 

Руководитель Республиканского научно-практического центра по контролю вирусных инфекций Зуридин Нурматов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов: Кыргызстанда 47-48-жумаларда күчөшү мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Бул ноябрь айынын экинчи жарымы болуп калат. Биз, биринчиден, дүйнөлүк практикага таяндык.

— Айрымдар "экинчи толкун" десе, башкалары "үчүнчү толкун" деп коронавирустун күздө кайрадан кайталанышын чочулоо менен күтүп жатабыз. Бул божомолдор Кыргызстанда кайсы убакка туш келиши мүмкүн?

— Негизи медицинада жугуштуу дарттарды "толкундарга" бөлбөйт. Мындай термин жок. Ар кыл факторлордон улам азайып, кайра көбөйгөн учурун ЖМК өкүлдөрү ушинтип атап коюшту. Элге түшүнүктүү болсо болду деп дүйнө медиктери да каршылык көрсөткөн жок.

Ал эми COVID-19 вирусу боюнча айта турган болсок, Кыргызстанда 47-48-жумаларда күчөшү мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Бул ноябрь айынын экинчи жарымы болуп калат. Биз, биринчиден, дүйнөлүк практикага таяндык. Мисалы, Бразилияны, Кытайдын суук жактарын карасаңыздар, коронавирус кайрадан жанданууда. Биздин өлкөдө да жыл сайын ноябрь жана январь айларынын аягында калктын 10-15 пайызы, расмий эсепте 3-5 пайызы кадимки грипп, КРВИ, сасык тумоо менен ооруйт. Демек климаттын өзгөрүшү бактериялык, вирустук илдеттердин жанданышына жакшы шарт түзөрүн көрсөтүп турат. Андыктан коронавирус да ушул мезгилдерде күчөшү ыктымал деген теориялык божомолубуз бар.

COVID-19га чалдыккандарды кайсы ооруканалар кабыл алып жатат? Тизме

Бирок мен элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат элем. Эми COVID-19 эч качан июндагыдай тополоң салбайт. Бул ошол биринчи толкун учурунда калктын көп бөлүгү ооруп, айыгып, антителолор пайда болгондугу менен түшүндүрүлөт. Мисалы, америкалык окумуштуулар өз өлкөсүндө жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде Кыргызстанды алып карай турган болсок, жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тарта тогуз жашка чейинки наристелерди жана өлкөнүн сыртында жүргөн жарандарды чыгарып салабыз. Кыргызстанда учурда 1 миллион 536 миңдей тогуз жашка чейинки бала бар. COVID-19 наристелерге жукса да абдан жеңил өтөрүнө дүйнө эли күбө болду. Бизде коронавирус менен оорушу мүмкүн болгон 1 миллион 400 миң адам калат. Июнь айындагы тажрыйбабыздан улам алардын 2/3 бөлүгү же 80 пайыздайы жеңил түрү менен ооруп, айыгат деп айта алам. Ошондо вирус жугушу мүмкүн делген категорияда 466 миң адам калат . Азыркы учурда бизде расмий маалымат боюнча, 42 000ге чукул адам ооруп айыкты. Бирок иш жүзүндө бул 10 эсе көп болушу мүмкүн. Анткени ошол эле Америкада коронавирус жуктуруп катталган бир бейтапка айрым штаттарында катталбаган алты, кээ бирлеринде 24 бейтап туура келген. Орто эсеп менен ар бир COVID-19 жуктурган кыргызстандыкка 10 расмий катталбаган бейтап туура келерин эсептесек, учурда 420 миң жаран бул вирусту илештирип сакайды дей алабыз.

Демек, күздө күтүлүп жаткан жаңы толкунда вирус илештирип алышы мүмкүн болгон 60 000дин тегерегинде адам калат. Мунун баары эле күздө ооруп калат экен деп ойлоо да туура эмес. Вирус жуккан күндө да алардын 20-25 пайызы эч кандай симптомдору жок көтөрөрүн жана 3/2 бөлүгү жеңил түрү менен ооруп айыгарын эске алсак, май, июндагыдай коркунуч жок. Ошондой эле күзүндө жазгы, жайкыга караганда салыштырмалуу түрдө өкмөт да, медицина кызматкерлери да даяр болуп калды. Ошентсе да бул ноябрь соңунда күтүлүп жаткан эпидемия таптакыр эле коопсуз дегенди билдирбейт. Башка бир олуттуу көйгөй бар. Себеби кеч күз Кыргызстанда сасык тумоонун сезону. Грипп, анан да коронавирус менен бир учурда ооруп калуу коркунучу жогору. Экөөнө бир учурда же удаа-удаа кабылуу өнөкөт оорусу барларга эле эмес, бардык адамдар үчүн чочулоону жаратат. Анан да быйыл жалпы калктын иммунитети жылдагыдан төмөнүрөөк. Анткени күнгө күйүп, табигый мөмө-жемишти кенен жеп, сууга түшүп нукура жол менен иммунитетти чыңдоого бардык эле адамдардын мүмкүнчүлүгү да, каалоосу да боло берген жок.

Андыктан гриппке болгон вакцинаны быйыл массалык түрдө алуу керек. Бул COVID-19дан сактабайт, ал тургай такыр сасык тумоо болбойсуң деп кепилдик да бере албайт. Болгону грипп болуп калган учурда жеңил өтөт, организмге көп күч келбейт. 

© Sputnik / Игорь Зарембо
Зуридин Нурматов: кеч күз Кыргызстанда сасык тумоонун сезону. Грипп, анан да коронавирус менен бир учурда ооруп калуу коркунучу жогору. Экөөнө бир учурда же удаа-удаа кабылуу өнөкөт оорусу барларга эле эмес, бардык адамдар үчүн чочулоону жаратат. Анан да быйыл жалпы калктын иммунитети жылдагыдан төмөнүрөөк.

— Саламаттык сактоо министрлиги берип жаткан сандардан 10 эсе көп адам ооруп айыкты деп божомолдоп жатасыздар. Муну так аныктоо мүмкүнчүлүгү барбы?

— Ооба, мүмкүнчүлүк бар. Бул бир эле биздин мамлекетте эмес, жогоруда мен мисал келтирип кеткен өнүккөн державаларда деле расмий маалыматтан алда канча көп адам ооруду. Айрым бейтаптар ооруканага кайрылбаса, башкалары жеңил түрү менен ооруп айыккан. Дагы бир тобу дартты эч кандай симптому жок эле өткөрүп жиберишкен. Мисалы, башка мамлекеттерде жоокерлердин, моряктардын ичинен симптомсуз ооругандары 65 пайызга чейин жеткен. Мунун башкы себеби алар туура тамактанып, дайыма кыймылда болуп, режим менен уктагандыгында. Анан калса аскер адамдары оорунун белгиси пайда болсо деле "мен коронавирус болуп калдым, эми эмне болом" деп дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Бул бардык эле илдетти жеңүүдөгү эң маанилүү кадам.

Естебесова: COVID-19дан айыккандан кийин деле суюктукту көп ичүү керек

Азырынча айтканга эрте, ошентсе да мен окурмандарга маалымдай кетейин. Учурда биз өлкө тургундарын беш топко бөлүп алып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта тогуз жашка чейинкилер, 10 жаштан 19га, 20-44, 45 жаштан 65ке чейинки курактагылар жана андан жогорку деп бөлүнөт. Биз учурда аталган топтогу адамдардан кан алып, канча пайызында кандай антителолор пайда болду, кимдерде көбүрөөк, кимдерде азыраак деген иликтөө жүргүзүп жатабыз. Бул ошол эле учурда кайсы аймактын жашоочуларында антитело көбүрөөк же кайсы райондордун тургундарында антитело жокко эсе экендигин да аныктайт. Эки жумадан кийин жыйынтыгы чыгып калат. Ошого карап биз алдыда келе жаткан шайлоодо кайсы аймактарда адамдардын топтолуусу вирустун жайылышын шарттайт, ал эми кай жерлерде элди белгиленген тартипте чогултуу коопсуз экендигин билдиребиз. Ошондо жалпы калктын канча пайызында антитело пайда болгондугу тууралуу тагыраак маалыматка ээ болобуз.

— Антителонун пайда болушу боюнча интернет айдыңында ача пикирлер жаралууда. Айрым окумуштуулар бир жолу пайда болуп, ал түбөлүккө калат десе, башкалары убактылуу гана организмди коргоого жөндөмү бар экенин айтышты. Бул коронавирус менен бир жолу ооруган адам кайра кайталап илештирип алышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт эмеспи?

— Ошол интернетке чыгып жаткан маалыматтарды туура эмес бергенден мурда биз туура эмес кабыл алып жаткандайбыз. Анткени вирус болгону 2019-жылдын соңку айларында пайда болду. Андан айыккан алгачкы адамдардын пайда болгонуна деле жарым жылдан ашпаган убакыт өтүүдө. Анан кантип биз антитело өмүр бою организмди коргойт деп айта алабыз? Болбосо COVID-19дун биринчи толкунун жаңы гана башыбыздан өткөрүп жатабыз. Ал экинчи ирет кайталанган мамлекеттерден деле мурда ооруган адам кайрадан жуктуруп алды деген маалымат чыга элек. Демек, пайда болгон антитело 2-3 ай гана организмде сакталат деп да айта албайбыз. Антителолордун пайда болушу, анын андан аркы организмдеги жашоосуна көз салып иликтөө бир гана тажрыйба жүзүндө ишке ашырылат. Башкача айтканда, канча толкуну болсо ошонун баарын басып өтүп же вирус кайра кайталанган учурда мурда ооруган адамдардын жуктуруп алар-албасы так билингенде гана бул тууралуу бир нерсени божомолдосок болот. Азырынча так айтмак турсун божомолдоого да эрте. Бирок организмге сырттан келген кандай гана зат болбосун, ал ошол биоорганизмдин эс-тутумунда сакталып калат. Мейли ал бактерия, микроб же вирус болсун, алгач организмге киргенде анын сырттан келген "чоочун" зат экенин билбей, клеткалар өздөрү көбөйтүп жиберет. Бирок ал сырттан келген зат экени аныкталар замат иммунитет жоокерлердей болуп күрөшө баштайт. Күрөшүп, жеңип чыккан организмде ошол жоокерлер, башкача айтканда, антителолор пайда болот. Алар канча бир убакыттан кийин жок болуп кеткен күндө да организм ал "окуяны" унутпайт, жаттап калат. Кийинкисинде ошол вирус кайра организмге кирип кетсе ал дароо ойгонуп 1-3 сааттын аралыгында көптөгөн антителолорду иштеп чыгат да оору кайтып кетет. Теориялык түрдө бир дагы адам мурда ооруган оорусуна экинчи ирет кабылбайт. Бул В гепатитинин негизинде далилденген. 

Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Зуридин Нурматов: Бардык эле мамлекеттер пандемия учурунда алдына эки тапшырма коет. Биринчиси, оору чыкканда колдон келишинче аны өз өлкөсүнө киргизбөө, бул аралыкта саламаттык сактоо тармагын чыңдоо керек. Экинчисинде дарт мамлекеттин чек арасына кирген соң бир учурда ага кабылгандардын санынын өсүп кетпешине жол бербөө үчүн күрөшөт.

— Айрым адамдар ПЦР-тест аркылуу COVID-19 аныкталып, ооруп айыгып, бирок антителого тапшырган учурда жок болуп чыкканын айтып таң калышууда. Бул учурда кайсыл жерден жаңылыштык кетиши мүмкүн?

— Биринчиден, антителосу жок болсо эле аны коронавирус болгон жок деп айта албайбыз. Экинчиден, аталган вирус менен ооруп айыккан адамдын антителосу 1,5-2 айдан кийин гана иштелип чыгат. Мындан сырткары, коронавирус учурунда деле адамдар аденовирус, бокавирус, эрос вирус деген сыяктуу бизге белгилүү болгон 20дан ашуун вирустун башка түрлөрү менен оорушу ыктымал. Симптомдору окшош болгондуктан медик эмес, жөнөкөй жаран коронавирус менен чаташтырып алышы толук мүмкүн. Ал эми тестти COVID-19ду гана аныктоо үчүн тапшыргандыктан антитело чыкпайт.

— Азыр коомчулук коронавирустун экинчи толкунун сөзсүз боло турган, качып кутула алгыс нерседей кабыл алып "күтүп" жатат. Аны болтурбай коюу мүмкүнчүлүгү барбы?

— Бардык эле мамлекеттер пандемия учурунда алдына эки тапшырма коет. Биринчиси, оору чыкканда колдон келишинче аны өз өлкөсүнө киргизбөө, бул аралыкта саламаттык сактоо тармагын чыңдоо керек. Экинчисинде дарт мамлекеттин чек арасына кирген соң бир учурда ага кабылгандардын санынын өсүп кетпешине жол бербөө үчүн күрөшөт. Байкадыңызбы, ооруп калгандардын санын азайтуу эмес, бир учурда көбөйүп кетпешин болтурбоо максаты коюлат. Анткени жугуштуу оору чек арадан киргенден кийин эртеби-кечпи, калктын көп бөлүгү ага чалдыгат. Өкмөттүн колунда ооругандардын санын кыска аралыкта кескин көбөйтүп албоо милдети жаралат. Бизде да ушундай саясат менен эле башында карантин киргизилген. Болбосо, биздин божомолдор боюнча апрелде 16 000дей адам оорушу керек эле. Карантин киргизилгендигине байланыштуу бул айда 4000ге чукул гана адам коронавируска чалдыгып, июнда абал курчуду. Убакыт созулуп, аз да болсо даярдык иштери жүргүзүлдү.

Пахта кездемесинен тигилген кийим коронавируска туруштук берери айтылды

Бул бардык жугуштуу оору пайда болгон учурда көрүлүүчү чара.

Вирус пайда болдубу, демек, андан кутулуунун эки гана жолу бар. Калктын көпчүлүк пайызы ооруп, антитело пайда болушу керек, вакцинация жүргүзүү менен илдетти ооздуктаса болот. Коронавируска вакцинация тууралуу азырынча сөз кылууга эрте. Ал эми пайда болуп жаткан эмдөөчү каражаттарды клиникалык текшерүү процессинде деп гана түшүнүшүбүз керек. 

Медицинский работник дезинфицирует руки пациента, подозреваемого на коронавирус, когда она входит в зал ресторана, который был преобразован в ночную клинику в Бишкеке. Кыргызстан, среда, 22 июля 2020 года
© AP Photo / Vladimir Voronin
Дарыгер: Вирусту организмге керектелүүчү азык катары кабыл алган клеткалар көбөйтүп жиберет. Бир вирус клеткалардын жардамы менен 10 000ге чейин бөлүнө алат. Ал көбөйө баштаганда гана чоочун экенин аныктаган биздин организмибиз коңгуроо кагат. Муну биз жакшы билип калдык, адам жөтөлүп, дене табы көтөрүлөт эмеспи.

— Анда биз алдыдагы эки жылда коронавирустун дагы көптөгөн толкундарын тособузбу?

— Медицина илиминде "жашоо үчүн күрөш" деген түшүнүк бар. Ошол түшүнүк менен алып караганда, вирустар дагы жашаганга тырышат. Вирус өзү абдан жөнөкөй тутумдагы зат. Керек болсо экиге бөлүп койсоң эки бөлөк жандык болуп калган бир клеткалуулардай болуп да көбөйө албайт. Вирустун өз алдынча көбөйүү мүмкүнчүлүгү таптакыр жок. Аны сырттан кирген "чоочун" зат катары эмес, кадимки организмге керектелүүчү азык катары кабыл алган клеткалар көбөйтүп жиберет. Бир вирус клеткалардын жардамы менен 10 000ге чейин бөлүнө алат. Ал көбөйө баштаганда гана чоочун экенин аныктаган биздин организмибиз коңгуроо кагат. Аны биз жакшы билип калдык, мындай учурда адам жөтөлүп, дене табы көтөрүлөт эмеспи.

Ушундай жөнөкөй тутумдан турса да жалпы адамзаттын айласын кетирип жаткан вирустун күчү эмнеде деген суроо жаралат. Вирустарды абдан "акылдуу" деп атасак болот. Анткени алардын жашоого болгон күрөшүнүн ар бир кадамы эсептелип чыккандай иштейт. Алар өздөрү жайгашкан организмди эч убакта өлтүргүсү келбейт, ал тургай ооруткусу да келбейт. Эгер ал биоорганизм өлүп калса, анда вирус да жок болот, эгер оорунун белгилерин пайда кылса, ошол замат түрдүү дарылар аларга каршы пайдаланыла баштайт да. Бирок вирустун сырттан келген "чоочун" экенин билип калган иммунитет адамга ар кайсы жерин оорутуп белги берет.

Вирус андан аркы жашап кетүүсү үчүн да оңбогондой кам көрөт. Ошол үчүн өзү жайгашкан организм жок болуп кетсе кошо өлүп калбоо максатында башкага жугат. Мисалы, коронавирус жөтөл аркылуу жугуп жаткандай. Муну биз вирус жер которду деп түшүнсөк болот.

Окумуштуулар алсыроону коронавируска мүнөздүү эмес симптом дешти

Ошону менен катар эле вирус бир учурда адамдардын баарына жугуп албайт. Антсе адамдар жапырт ооруп, баарында антитело пайда болуп, вирустун андан аркы жашоого мүмкүнчүлүгү калбай калат да. Ошол үчүн, мисалы, грипп жылына адамдардын 10-15 пайызын гана оорутуп коюп, жылдап жашоосун улантып келет. Муну менен катар эле вирустар өздөрү "жашаган" организмге ылайыкташып өзгөрүү жөндөмүнө ээ. Ушул эле коронавирусту алсак, окумуштуулардын айтымында, ал пайда болгондон бери 146 майда өзгөрүүгө дуушар болгон. Бул COVID-19 деле жүрүп отуруп кишиге коркунуч алып келбеген, биз жыл сайын эле ооруп айыгып жүргөн дарттардын арасына кирип калышы мүмкүн дегенди билдирет. Мындай учурда вакцина ойлоп табуунун да кажети жок болот. Вирус такыр жок болуп кетүүдөн коркуп мына ушундай ыңгайлашууга барышы толук ыктымал. Булар ушундай стратег болушат. 

© Sputnik / Владимир Астапкович
Нурматов: COVID-19 деле жүрүп отуруп кишиге коркунуч алып келбеген, биз жыл сайын эле ооруп айыгып жүргөн дарттардын арасына кирип калышы мүмкүн. Мындай учурда вакцина ойлоп табуунун да кажети жок болот. Вирус такыр жок болуп кетүүдөн коркуп мына ушундай ыңгайлашууга барышы толук ыктымал.

— Коронавирус өлкөдө күчөп турган учурда айрым дарыгерлер "вирус организмге аз өлчөмдө кирсе оору жеңил өтөт" деп түшүндүрүп жатканына күбө болдук. Бул чындыкка дал келе турган маалыматпы?

— Ооба. Бул нерсеге таң калгандар көп эле болду. Вирустук ооруларда чынында ошондой. Мисалы, коронавирус илештирип алган адамдын жанында оорубаган киши бет капчан болсо, бейтап чүчкүрсө же жөтөлсө вирусту азыраак өлчөмдө кабыл алат. Эгер ооруп жаткан адам да бет капчан болсо, өтө эле аз же такыр эле жукпай калышы мүмкүн. Дагы бир мисал, коронавируска чалдыккан адамдан эки метрдей аралыкта турсаңыз, анын жөтөлүп, чүчкүрүүсү сизге кооптуулук жаратпайт. Болбосо бир эле адам бир учурда көптөгөн адамдардан вирус жуктуруп алып же болбосо коронавирус менен ооруп жаткан адам менен күн сайын байланышта болуп жүрө берсе да көп вирус жутуп алып, дарт оор абалда өтүшү мүмкүн. Обочолонуу, бет кап тагынуу, эл көп чогулган жерге барбоо, аралыкты сактоо тартиптери мына ушул негизде иштелип чыккан.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2348)

Тема боюнча

437 адам COVID-19дан өлгөн эмес. Министрлик статистиканы кайра карап чыкты
Шахтёрлор ооруп... Окумуштуулар COVID 2012-жылы эле чыкканын болжошууда
Белгилер:
толкун, илим, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ