COVID-19га чалдыккандарды кайсы ооруканалар кабыл алып жатат? Тизме

Жазылуу
Министрликтин маалыматы 18-август саат 8.00гө карата берилген. Андыктан өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Учурдагы бош орундар тууралуу билүү үчүн https://map.covid.kg/ дарегине кириңиз.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте кайсы ооруканалар коронавируска кабылгандарды кабыл алып жатканын жана ал жактарда канча орун бар экенин билдирди.

Эске салсак, кечээ Темир жол ооруканасынан COVID-19дан дарыланган акыркы бейтап чыгарылып, мекеме кадимки режимде иштей баштады. Ошондой эле "Ганси" базасында ачылган "Семетей" госпиталынан акыркы бейтаптар 13-августта чыккан. Учурда ал жак вирустун божомолдонуп жаткан экинчи толкунуна даярдалууда.

Кыргызстандагы апаат россиялык врачтардын көзү менен

Министрликтин маалыматы 18-август саат 8.00гө карата берилген. Андыктан өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Учурдагы бош орундар тууралуу билүү үчүн https://map.covid.kg/ дарегине кириңиз.

  • Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасы — 148 орун, дареги: Лев Толстой көч., 70/2;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 45 орун, дареги: Москва көч., 225/1. Телефондор: (0312) 65-73-97, 65-74-01;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 17 орун, дареги: Ахунбаев көч., 90а. Телефон: (0999) 77-88-21;
  • Улуттук хирургия борбору — беш орун, дареги: 3-я линия көч., 25. Телефон: (0999) 77-88-15;
  • Улуттук госпиталь — 12 орун, дареги: Тоголок Молдо көч., 2. Телефон: (0999) 77-88-48;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 6 орун, дареги: Чалдовар көч., 34. Телефондор: (0312) 56-59-46, (0999) 77-88-54.
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 26 орун, дареги: Тоголок Молдо көч., 3/2. Телефон: (0312) 62-27-64.

Ошондой эле жарандар мэриянын "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын жана Кожомкул атындагы спорт ордосунун базасындагы күндүзгү стационарларга бара алат. Калган стационарлар жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0