Курман айт намазы окулбай калганда курмандык качан чалынат? Муфтияттын жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги мал базарында кыргыз балдар койлорду сүйрөп жатышат. Архив
Бишкектеги мал базарында кыргыз балдар койлорду сүйрөп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда бул күндөрү жугуштуу COVID-19дун тарап кетүү коркунучунан улам коопсуздукту сактоо максатында Курман айт намазы окулбай турган болгон.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Курман айт намазы окулбай калганда курмандыкты эртең менентен тарта чала берсе болот. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бул күндөрү жугуштуу COVID-19 тумоосунун тарап кетүү коркунучу жоюла элек болгондуктан, коопсуздук үчүн Курман айт намазы окулбайт деген чечим кабыл алынды. Мындан улам күн чыккан соң саат 07:30дан кийин курмандыкты чалууга уруксат берилет", - деп айтылган муфтият тараткан билдирүүдө.

Муфтият, андан сырткары, башка эки күнү да курмандык союуга болорун билдирди.

Курман айт быйыл кантип белгиленет? Муфтияттын 7 сунуштамаcы

"Курмандыкты 31-июль, 1-август жана 2- август күнү дигер намазына чейин каалоочулар ушул көрсөтүлгөн күндөрдүн каалаган мезгилинде чалса болот", - деп кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда Курман айт 31-июлда белгиленери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0